Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 04.02.2019 09:12 На русском

Кочкордогу Төлөк айылынын тургуну Каниет бөлтүрүк багып жатат (видео, сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Соң-Көл айыл аймагына караштуу Төлөк айылынын тургуну Каниет Осмонов үйүндө 8 айлык бөлтүрүк багып жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, айылдын тургундары карышкырдын ийининен 3 айлык бөлтүрүктөрүн таап алышкан. Каниет Осмонов анын бирин 1000 сомго сатып алган.

«Андан бери 8 ай болду. Алгач арык, кичинекей болчу. Тамактандырып, жакшы баккандан кийин тез эле оңолуп кетти. Мага аябай үйүр болуп калды. Менден башкаларды тиштеп алабы деп, эч кимди жолотпойм. Башынан сылап, эркелетип, тамак берем. Мага аябай жакын. Муну багып алганымдын себеби, туристтер менен иштешем. Карышкырды туристтерге жарнама кылсам дейм. Өзүм Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунда иштейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×