Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 05.02.2019 14:34

Айыл турмушу: 74 жаштагы уста К.Жумагулов чапкан ээрлерин бир койго баалайт (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Туз айылынын 74 жаштагы тургуну, уста Кубат Жумагулов чапкан ээрлерин бир койго баалайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кубат Жумагулов учурда устачылык менен алектенип, билгендерин уулдарына үйрөтүп келет. Атасы Жумагул айылдагы чоң усталардын бири болгон.

«Айылдагылар атамды Жумагул уста деп таанышчу. Ал зергер уста болчу. Күмүш, алтын жана башкалардан аялдардын сөйкө-шакектерин жасап, колхоздун устаканасында иштечү. Мен да атамдын жанында жардам берип, иштеп жүрүп, устачылыкты үйрөнүп алгам. Кийин мектепте музыка, кол эмгек сабактарынан мугалим болуп иштедим. 1974-жылы география факультетин бүтүрүп, айылга келип, география сабагынан мугалим болуп иштеп баштадым.

Совет убагында ар жыл сайын 19-майда пионерлер күнү белгиленип, окуучулардын колунан чыккан эмгектер көргөзмөгө коюлчу. Ошол көргөзмөгө 40 баш боз үй жасап бардым. Ал боз үй учурда райондук музейде турат. Ошол көргөзмөдөн баштап боз үйдүн жыгачтарын жасоого кириштим. 65 баш боз үйдөн тартып 100 баш боз үйлөрдү жасай алдым», - дейт Кубат Жумагулов.

Ал учурда көк бөрүчүлөргө ылайыктуу ээр чаап жатат. Акыркы 3 жылдан бери кыргыз ээрге суроо-талап көп болуп жатканына сүйүнөт. Ал атактуу Анжияндын ээрлерин да жасап киреше табууда.

«Анжияндын аккаңкы ээрин кыргыз ээрлеринин үлгүлөрүн алып жасап жатам. Элдин көпчүлүгү ат минбей, унаа айдап калганы ээрге суроо-талап азайып кеткен. Бирок Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлө баштагандан тартып кыргыз ээрлерине суроо-талап кайра жандана түштү. Улуттук оюн көк бөрү көп ойноло баштаганы улакчылар көк бөрүгө ылайык ээрлерге буюртма беришүүдө. Ат-Башы районунан бери келип, ээр алышат. Чапкан ээрди илгертеден эле бир койго баалайм. Акчасын эмес койдун өзүн алам», - дейт ал.

Кубат Жумагулов атасынан калган өнөрдү улап, атасы колдонгон буюмдарды колдонуп келет. Жыгачтан стол, отургуч, үй тиричилигине керектүү буюмдарды өзү жасап алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×