Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 06.02.2019 11:11 На русском

«Бакма атасынан 86 сотых жер жана үй калган, бирок...»: Бирөөнүн тамында күн кечирген А.Ормогоевдин тагдыры

Turmush -  Кочкор районунун Туз айылында жашап жаткан 72 жаштагы карыя Аманат Ормогоев ушул убакка чейин пенсияга чыкпай жүргөндүгүн жана үлүш жерин пайдаланып жаткан адам ижара акысын төлөбөй жатканын аймактык кабарчыга айтты.

Аманат Ормогоев 1947-жылы Кочкор районунун Исакеев айылында туулган. Атасы Ормогой Аманат менен Нурай (аты өзгөртүлдү) асырап алган. Аманат союз учурунда комбайн, бульдозер айдап 40 жыл эмгектенген. Үй-бүлө куруп, 1 кыз жана 1 уулду болгондон кийин, 1975-жылдары аялы менен ажырашып, эки ача жолго түшүшкөн.

«Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин эжем Нурай (аты өзгөртүлдү) экөөбүз үй талашып, соттошконго чейин бардык. Сот менин пайдама чечип, үй мага калды. Кийин пенсияга чыгарда паспорт, эмгек китепче, аскердик билет, ушунун баарын эжем "пенсияга чыгарып берем" деп алып кетип бербей койду. Ошол күндөн бери пенсияга чыга элекмин. Эжеме барып документтеримди сурасам "жерди мага берсең, документтериңди берем" деди. Ошол бойдон барган жокмун. Мени жакында пенсияга чыгаруу үчүн социалдык камсыздандыруу мекемесине чакырышты. Жоголгон документтеримди табууга жардамдашып жатат. Пенсия алууга документтерди толукта деп айтышты. Паспорт алуу үчүн сүрөткө түшүп, айып пулун төлөп келдим. Бирок эми туулгандыгым тууралуу күбөлүк жок болууда. Жоголгон документтеримди республикалык архивден да каратып жатышат.

Каттоодо Исакеев айылында турам. 2000-жылдан бери Туз айылында жашайм. Өзүмдүн үйүмдү сатып жибергем. Азыр жашап жаткан үй Кадыр Бугубаев деген кишиники. Бул үйдү аталаш иним Сатыбек Исраилов таап берген. 2013-жылы уулум каза болуп калган. Неберелерим бар», - дейт Аманат Ормогоев.

Ал Кочкор районундагы Исакеев айылында үлүшкө тийген 86 сотых жерин ижарага берип, бирок ушул жылдар аралыгында ижара акысын ала албай келерин кошумчалады.

«Исакеев айылында атам экөөбүзгө тийген 86 сотых үлүш жерибиз бар. 18 жылдан бери Чолпонбек Абдышов деген жигитке ижарага берип келем. Ижара акысын ала элекмин. Анда-санда ун, 500 сомго чейинки акчаны колума карматып коёт. Айылдаштарымдын айтымында, айдоо жердин ижарасы 15 миң сомдон 20 миң сомго чейин кымбаттаган экен. Бирок чынында ижара акысы канча экенин билбейм. Ижара акысын толук төлөп бүтсө, сатайын деп ойлоп жатам», - деди ал.

Аманат Ормогоевдин жер маселеси боюнча Туз айылынын башчысы Съезд Кыйсаев төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Жерди ижарага алып пайдаланып жүргөн Чолпонбек Абдышов жана жер ээси Аманат Ормогоев райондук администрацияга келип сүйлөшүп, акт түзүлгөн. Чолпонбек Абдышов жердин ижара акысын төлөп келгендигин айтып, эки тарап келишип, бир бүтүмгө келерин белгилешти. Аманат Ормогоев спирт ичимдиктерин көп ичип коёт. Анын кесепетинен ушундай жагдайга туш келүүдө», - деди ал.

Ал эми Аманат Ормогоевдин жерин 18 жылдан бери ижарага алып иштетип келе жаткан Исакеев айылынын тургуну Чолпонбек Абдышов: «Ооба, мен Аманат Ормогоевдин үлүш жерин ижарага алып пайдаланып келем. Бирок ижара акысын төлөп, өз убагында жер салыгын да төлөп жүрөм. Баласы бар кезде келини экөө келип, ижара акысын алып кетишчү. Мен ун саткандыктан ун да берип келчүмүн. Үлүш жерин сатам деп жатат. Документтерин толуктаса, ошол жерди сатып алам», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×