Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Нарын облусуКочкор району 09.02.2019 11:40 Жаңыланды: 09.02.2019 16:48 На русском

«Теңтуштары жаш кыз таап беребиз дешкен»: Жылдыз жеңе өзүнөн 8 жаш кичүү жигитке турмушка чыккан (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кочкор районунун Кара-Суу айылына келин болгон 41 жаштагы Жылдыз Кыдыралиева. Ал өзүнөн 8 жаш кичүү жигитке турмушка чыгып, бактылуу үй-бүлө түптөгөнүн аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Жылдыз жеңе Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында өскөн. Жолдошу Асылбек Илиязов учурда 33 жашта.

«Жолдошум менден 8 жашка кичүү. Ал 18 жашында үйлөнгөн, ал учурда мен 26 жашта элем. Бишкектеги заводдордун биринде 2 ай чогуу иштеп, ошол жерден таанышып калганбыз. Алгач эже деп жүрдү. Өзүмдөн кичүү жигитке турмушка чыгам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Ал менин мүнөзүмдү жактырчу экен. Атасына мага үйлөнө турганын айтып, алар тааныштырууну сунуштаптыр. Жалдырап жатып үйүнө алып барып, ата-энеси менен тааныштырган. Бирок аларга мени эки эле жаш улуу экенимди айтыптыр. Ал оюндагысын кылам деген өнөжөр жигит болчу. Алгач көп жага берчү эмес, урушуп, анын теңтушу эместигимди түшүндүрсөм да, мага сүйлөй берчү.

Бир күнү жумушта жүрсөм "апам конок чакырат экен, сизден жардам берип коюуну суранды" деди. Барсам чын эле конок тоскону жатышыптыр. Үйүндө азыркы өкүл апам жана аяш апасы бар экен. Ал учурда кайын журтум Сокулукта жашашчу. Салат, боорсок, тактап айтканда дасторконго эмне керек болсо баарын жасаштым. Конокторду күтүп жатсак жолдошум мага айта турчу сөзү бар экенин билдирди. Ал эшикке чыкканда дааратканага кирип кетип, көпкө чыкпай койду. Көрсө үйүндөгүлөр көшөгө тартышмак экен. Үйгө кирсек көшөгө тартып, бизди күтүп жатышыптыр. Жоолук салып, көйнөк кийгизишти. Абалды түшүнбөй, шок болуп калдым. Көшөгөгө отургузуп койгондон кийин ыйладым. Ошол күнү Бишкектен Сокулукка кичи автобус менен барганбыз. Жолдошум унааны тоскондо кичи автобус бир топ өтүп кетип токтоп, Асыл биринчи чуркап, анын артынан мен барган элем. Кийин "артымдан чуркап келип өзүң тийгенсиң, сени ала качкан эмесмин" деп тамашалап жүрдү.

Жолдошум абдан эрке болчу, атам көзүн карап чоңойтуптур. Турмушка чыкканда күйөөмө эркелейм деп кыялданчумун, бирок жолдошум мага көбүрөөк эркелеп жүрдү. Азыр кудайга шүгүр, токтолуп калды», - деди ал.

Жылдыз Кыдыралиева кайын энесине жолдошунан 8 жаш улуу экенин айта албай кыйналган. Бирок кайненеси түшүнүү менен кабыл алып, каршы пикир билдирген эмес.

«Үйлөнгөнүбүзгө 15 күн болгондо апам нике күбөлүгүн алуу керектигин айтты. Жолдошума ата-энең улуу экенимди билеби деп сурасам, билбей турганын айтты. Ага үйдөгүлөргө түшүндүрүүнү сурансам качып кеткен эле. Апама өзүм айтууга туура келди. Аны чакырып, отурууну өтүндүм. Апам "айта бер угуп жатам" деди. Апама отуруу керектигин, бул кабарды туруп алып укса, кулап калышы мүмкүн экенин айтып, тамашаладым. Ал кабатыр боло баштаганда чындыкты айтып бердим. Ал "ушул элеби, 2 жаш тең жаш, андан улууну алып жашап жатышат" деди. Ортобузда 2 эмес, 8 жаш айырма бар экенин билген апам "Асылбек билеби, жашоо силердики, жашап кетсеңер эле болду" деп жооп берген эле», - дейт ал.

Жылдыз жеңе: «Жолдошум биз үйлөнгөнгө чейин эле экөөбүздүн ата-энелерибизди тааныштырууга жетишкен. Ошол убакта менин атамдын жүрөгү ооруп, ооруканада жаткан. Апам да атам менен чогуу келген. Жолдошум атама ооруканага барганда мени ээрчип алчу. Атам таң калып сураганда чогуу иштей турганыбызды түшүндүргөм. Ошентип атам ооруканадан чыкканда ал ата-энесин алып келип тааныштырган эле. Асылбек ата-энесин, аяш ата-апасын ээрчип келиптир. Аларды көчөгө тургузуп коюп, үйдү көздөй чуркап бара жатсам өзүмдүн ата-энем базардан кела жатышыптыр. Эмне деп айтарымды билбей, силерди кудаңар күтүп жатат, мен күйөөгө тийем деп эле унчукпай калгам. Атам чоочуп кеткен эле. Алар кафеге барып таанышып, көпкө отурушту. Асыл экөөбүз ачка эшикте күткөнбүз. Ата-энем менин бактылуу болуум баарынан маанилүү экенин белгилешти. Бирок атам аларга башында эле менин жашым улуу экенин айтыптыр.

Жолдошум өзүмдөн кичүү болгондуктан алгач кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр болду, бирок көнүп кеттим. Асыл тамакты тандап жейт, ошонусуна көнбөй жүрдүм. Сабиз, пияз сыяктуу жашылчаларды жебейт. Тамакка жашылча кошуп коюп, көп жолу тил уктум.

Бир жолу атам тамак жасады. Негизи кайнатам тамакты жакшы жасайт. Алар мени келини эмес, кызындай эле көрүшчү. Жайдын күнү болчу, күндүз эшик ысык болгондуктан алар жайкы чайканада тамак ичип отурушкан. Биз Асыл экөөбүз үйдүн ичинде болчубуз. Тамак ичип жатып адатынча жашылчаларды алып салууну суранды. Мен буга көнбөй, ачуум келип, тамакты төрдөгү паластын үстүнө төгүп салдым. Экөөбүз ызы-чуу болуп эле жатып калдык. Эшиктен атам чуркап кирди, ага Асыл тамакты ичпейм деп, чачып салды деп койдум. Жолдошум таң калып, мени карады. Атам аны урушуп эшикке чыгып кетти. Ошондон кийин жолдошум мага тамактан жашылчаларды тердирбей калган.

Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин Асылдын теңтуштары жаш кыз таап беребиз деп жүрүштү. Бирок жолдошум "сени менен жашап кеткенге 100 пайыз көзүм жетет" деп айтчу. Келечекте балдарымды окутуп, ашкана ачууну пландап жатам», - деди.

Жеңеке 3 кыз жана 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×