Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 12.02.2019 08:29

Кочкордогу райондук маданият үйү 20 млн сомго оңдолуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Жыргалбек Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйү 20 млн сомдук оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маданият бөлүмүнүн жетекчиси Роза Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, учурда райондук маданият үйүнүн имаратында китепкана, жаштар студиясы жана музыкалуу драма театр орун алган.

«Райондук маданият үйү оңдоого муктаж болуп, абалы начар болчу. 2016-жылы экс-президент Кочкор районуна келип, ушул имараттан жыйын өтүп, эртеси күнү эле 10 млн сом бөлдүрүп берди. Имарат чоң болгондуктан кийин өкмөттөн каралып, дагы 10 млн сом бөлүнгөн. 2017-жылдын ноябрь айынан бери имаратты оңдоп-түздөө иштери жүрүп, аяктоо алдында турат. Сахнаны жаңыртуу жана сыртын жасоого акча каражатыбыз жетпей калды. Жылытуу системасы орнотулуп, канализацияга туташтырылып, ичиндеги дааратканалар да жаңыртылды. Жакында ачылышы болот», - деди Исмаилова.

Кочкор райондук маданият үйүнүн имараты 1981-курулуп баштап, 1987-жылы ишке берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×