Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 12.02.2019 17:09 На русском

Кочкордо өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөгөн футбол оюну өттү (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө жана алардын арасында суицид фактыларын азайтуу максатында иш-чара өттү. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 8-февраль күнү Кочкор райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен Кочкор айылындагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары «Жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө» деген аталышта эркек балдар арасындагы футбол мелдешин уюштурушкан.

Бул мелдеш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды, ошондой эле суицид фактыларын азайтуу максатында өткөрүлдү.

Мелдешке Кочкор айылынын спорт аянтчасында өтүп, ага Н.Жүндүбаева, К.Кыдыралиев, Калыгул Бай уулу, А.Алайдар, И.Арабаев атындагы орто мектептеринин окуучуларынан түзүлгөн экиден команда келди. Жалпысынан 10 команда ат салышты. Жыйынтыгында 1-орунду Калыгул Бай уулу орто мектебинин окуучулары, 2-орунду Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары, 3-орунду Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин экинчи командасы алды. Алар баалуу белектер менен сыйланып, андан тышкары жакшы оюн көрсөткөн окуучуларга «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу», «Мыкты дарбазачы» деген наамдар менен бирге белектер ыйгарылды. Ошондой эле К.Кыдыралиев атындагы орто мектептин окуучулары «Өмүр бир келет», «Тоскоолдуктан ийгилик жаралат» деген жазуусу бар лозунгдар менен келгендиги үчүн грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×