Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 13.02.2019 11:04

Кочкордо Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет

Turmush -  Кочкор районунда коомдук, мамлекеттик, саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Быйылкы жылы коомдук, мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленмекчи. Ага карата кичи мекени Кочкордо уюштуруу иш-чаралары өтүп жатат. “Сейил” гүлбакчасына жана “Чолпон” кинотеатрына Турдакун Усубалиевдин ысымы берилүүдө. Ошону менен бирге райондук мамлекеттик администрациясына жакын борбордук көчөдөн музейин куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилди. Ошол жерде Т.Усубалиевдин айкели тургузулмакчы», - деп айтылат маалыматта.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, Кыргыз Республикасынын баатыры (1999), «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Достук (РФ), 1-даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×