Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 13.02.2019 16:28

С.Кулманбетов 19 жашында Ооган согушуна барып, учактык полкто кызмат кылган (сүрөт)

Turmush -  Ооган согушунун ардагери, Кочкор райондук аскер комиссариатынын майору Сабыржан Кулманбетов 19 жашында Ооган согушуна өз каалоосу менен барган. Ардагер менен аймактык кабарчы таанышты.

Сабыржан Кулманбетов 1965-жылы Кочкор районунун Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 19 жашында тактап айтканда 1984-жылы советтик армиянын катарына чакырылып, Латвия Республикасында 5 айлык аскердик даярдоодон өткөн. Андан кийин интернационалдык кызматтан өтүүнү каалагандарды Өзбекстандын Бухара шаарында кайрадан 1 айлык даярдоодон өткөрүп, Афганистандын Нангахар провинциясынын Джелалабад шаарынын жанындагы ДШ-66 бригадага караштуу тик учактык полкко жөнөтүлгөн. 1986-жылдын ноябрь айына чейин учактык полкто МИ-24 тик учагында борт аткыч кызматын өтөгөн.

Каарманыбыз Ооган согушун төмөнкүчө эскерди.

«Согуш талаасын эстөө кыйын, эскергим келбейт. Аскердик ант, кызматтык сырлар бар. Андыктан андай-мындай болду деп баарын айта берүү мага да кыйын. Көз алдыма келтирип эстеп алып, кайра кыйналам. Ал убакта жүрөк курч болуптур. Биздин кызмат атайын адистерди коргоо болуп эсептелинчү. Эми эле сүйлөшүп, жүз көрүшүп жаткан жоокерлер асманда учуп бара жатып же снаряд жарылып каза болуп калганын көрөсүң. Бир окуяны айтып берейин, талкаланган тик учактын кара кутун алып келүүгө орус офицерлери менен жөнөттү. Мен кара кутуну чоң элестетип баргам. Көрсө андай эмес экен, сарылт түстөгү кичинекей темир, ичинде кассета бар болот экен. Учактагы сүйлөшүүлөр жазылып алынат экен.

Согуш жыргал эмес, жоготуу, психологиялык жаракат аласың. Эскерүү күнүндө чогулуп эскеребиз. Көзү өткөн Ооган согушунун катышуучуларына куран окуйбуз. Ар бирибиздин жүрөктө, эсте», - деди ал.

1986-жылы Кыргызстанга кайтып келип, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине окууга тапшырган. Окуусун 1994-жылы аяктап, аскер кызматкери болуп иштеп баштап, 2011-жылы Кочкор райондук Аскер комиссариатында аскер комиссарынын орун басары кызматына чейин иштеген.

«Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдардын жана ооруктагы эмгекчилери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы 1995-жылы оңдоп-түзөлүп, 4 пункт менен кабыл алынган. 3-пункта башка мамлекетте согуштук кыймылдарга катышкандардын акча маселеси чечилбей калган. Ооган согушуна катышып келген ардагерлер каза болуп калса, мамлекет тарабынан берилген 6 миң сом жөлөк пул автоматтык түрдө токтотулат. Жок дегенде үй-бүлөсүнө 2 миң сом жөлөк пул чегирип, мыйзамга толуктоо киргизип бергиле деп келебиз. Бирок жыйынтык жок. Ал гана эмес, ден соолукту чыңдоо үчүн жолдомолор да берилбей калган. Канча жылдан бери инфляция болуп жатат. Жашоо шарт кымбаттап жаткандыктан 6 миң сом жөлөк пул жетпей калат», - деди ал.

Сабыржан Кулманбетов 2011-жылдан бери Кочкордогу Афган коомун жетектеп келет. Үй-бүлөлүү 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×