Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуКочкор району 14.02.2019 09:26 На русском

«Мекендештер»: Кочкордун кара шамалында өскөн «моңгол» — Элиза Кытайда билим алууда (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 26 жаштагы Казыбек кызы Элиза. Ал Кытай мамлекетинин Хух Хото шаарында билим алууда.

Казыбек кызы Элиза 1994-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында төрөлгөн. Аталган райондогу Калыгул Бай уулу атындагы орто мектепти 2011-жылы аяктаган. Ал 2016-жылдан бери Хух Хото шаарында билимин жогорулатуу максатында кытай тили жана филология факультетинде магистратурада 3-курста окуп жатат. Мекендешибиз Кыргызстандагы Конфуций институту аркылуу сынак тапшырып, Кытайдагы окуу жайга өткөн.

«11-класста окуп жүргөндө сыналгыдан Кытай мамлекети боюнча көрсөтүп жатыптыр. Ошондон тартып Кытай мамлекети боюнча маалыматттарды чогултуп, кытай тили боюнча окуйм деп бүтүм чыгардым. Окуучу кезимде кытай тилин үйрөнүүгө аракет жасап, жыйынтыгында Кыргызстандагы эл аралык университетке тапшырдым. 2014-жылы Кытайдын жеринде тил үйрөнүү үчүн сынак тапшырып көрүп, өтүп кеттим. Ал жерден 6 ай тил үйрөндүм.

Кытайга келгенге чейин мен элин чачы узун, маңдай чачы кырылган, узун көйнөк кийген адамдарды элестетчүмүн. Бул элестөө бала кезимен көргөн тасмалардан улам болушу керек. Кытайды Сиань шаары аркылуу таанып, сүйүп калдым. Сиань шаары Кытайдын мурунку борбор шаары болчу», - деди ал.

Элиза 6 айлык окуудан соң Кыргызстанга келип, бул жактагы окуусун аяктап, кайра 2016-жылы Кытайдын Хух Хото шаарынан билим ала баштаган.

«Хух Хото шаары Моңголияга чукул. Бир окуяны айтып берейин. Кытайда Бүткүл дүйнөлүк маданият күнү белгиленди. Кыргыздын улуттук кийимин кийип жүрсөм, ошол салтанатка катышкан мугалим, студенттер мени моңгол деп ойлоп, мени менен сүрөткө түшүп жатышты. Бир убакта бир мугалим кыргыз студенттерден "кыргыз улуттук кийимиңер ашып калып, моңгол кызына кийгизип койдуңар беле" деп сураптыр. Мени кыргыз деп эч ким ойлобойт, моңгол же кытай кызы деп ойлошот экен. Туристтер же шаарга келген коноктор билбеген жерин моңголчо сурашат.

Хух Хото шаарынын аба-ырайы Кочкор районуна окшош. Бир кышта 2 же 3 жолу кар жаайт, шамал болуп турат. Билим берүү жогорку деңгээлде. Өз күчүң менен гана окушуң керек. Албетте жакшы окугандарга мамлекет 3 миң юань бул сом менен 30 миң сом стипендия төлөйт. Кытай эли динсиз мамлекет. Андыктан аларды түшүнүү кыйын. Сен кытай элин түшүнөм десең, кытай болуп төрөлүң керек деп ойлойм.

Ар бир жаран өз мамлекетин сүйүү керек. Биз Кыргызстанды абдан сагынабыз. Ар жыл эс алууга келгенде Кыргызстандын өзгөрүп, өнүгүп жатканын көрүп кубанам. Кытайда жүргөндө ар бир күнү түшүмө Кыргызстан жана апам кирет. Бала кездегидей уктап жатканда апам чай коюп, дасторкон даярдап бизди "тургула" деп жатканы түшүмө кирет. Сонун түш көрүп жатсаң жанымдагы кыздар "тур" деп жаткан болот.

Менин чет жерге чыгуума ата-энем чоң колдоо көрсөттү. Билим алууга аракет кылып жаткан балага ата-эненин жана мугалимдин колдоосу керек. Колдоо болмоюн бала өсө албайт. Жаштардын билим алуусуна шарт түзгүлө ата-эне жана мамлекет демекчимин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×