Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 15.02.2019 11:35

Кочкордо Ооган согушу эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылдык китепканасында советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Кош-Дөбө айыл аймагынан Ооган согушуна катышып келгендер чакырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күңгөй китепканасында китепкананын башчысы Тилек Осмоналиеванын уюштуруусунда Ооган согушун эскерүү иш-чарасы өттү.

Кош-Дөбө айылынан бул согушка төрт азамат Ормонбеков Эсентур, Сыдыков Кеңешбек, Акматов Акылбек, Касымалиев Талдыбек катышып келишкен. Иш-чара Ооган согушунан кайтып келип, 2010-жылы дүйнөдөн кайткан Ормонбеков Эсентурдун арбагына багыштап куран окуп, эскерүү менен башталды.

Эскерүү иш-чарасында Ооган согушунун катышуучусу Кеңешбек Сыдыков Ооган согушу тууралуу айтып берди. Аларга арнап окуучулар концерт тартуулашты. Ооган согушунун ардагери Кеңешбек Сыдыковго китепкана тарабынан китеп белек кылынды.

Маалым болгондой, Кочкор районунан 1979-1989-жылдардагы Ооган согушуна 90 эр-азамат катышкан. Алардын ичинен Асанов Арстанбек, Бердалиев Зарылбек, Ибраев Шеримбек, Солтонкулов Тынарбек деген төрт азамат согуш талаасында курман болушкан. 20га жакын жигит согуштан кайтып келгенден кийин, ар кандай жаракаттардын кесепетинен көз жумушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×