Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 16.02.2019 11:40

Мен үчүн Ооган согушун эскерүү кыйын, - ардагердин жубайы (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айылынын тургуну Бурулсун Дүйшеева Ооган согушун эскерүүнү каалабайт. Согушту эскерүү ал үчүн абдан оор. Ансыз деле жолдошу Ооган согушунун ардагери болсо дагы, аларга каралган айрым жеңилдиктерди ала албай келет. Ошондуктан премьер-министрге чейин кат жазганга мажбур болгон. Бурулсун Дүйшеева менен аймактык кабарчы жолукту.

Бурулсун эженин жолдошу Жоробек Алиев Ооган согушунун ардагери. 1999-жылдагы Баткен коогалаңына дагы катышып келген. Ал 2008-жылы 46 жашында көз жумган.

«Мен үчүн 15-февраль күнү Ооган согушун эскерүү кыйын. Ушул темада сүйлөшкөндөн качам. Бирок айла жок.

Жолдошум Жоробек Алиев 1962-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. 2008-жылы ноябрь айында 46 жашында каза болду. Ал Айыл чарба институтунун механика бөлүмүндө 3-курста окуп жатканда Советтик армияга чакырылган. 2,5 жыл Ооганстандын ар кайсы аскер бөлүктөрүндө, Кундуз шаарынын 89933 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келген. Жолдошуман Ооган согушу тууралуу сурап калсам башын чайкап "ал кездерди сурабачы, эстегим келбейт" деп калар эле. Кээде үйгө Ооган согушунун ардагерлери келгенде ал жактагы алааматтын кандай болгонун алардын сөзүнөн угуп калчумун.

Төлөгөн Рыспаев аттуу Ооган согушунун ардагери бар эле. Согуш талаасында өлүм алдында жатканда, мени "Кыргызстан" деген жазуу куткарып калган деп айтып калды. Танка жарылып, ичиндегилер кыйрап жатканда, жарадар, өлгөн балдарды чогултуп жүргөн тик учактагы бала "Кыргызстан" деген жазууну окуп калып куткарып калыптыр. Ал тик учактагы бала менин жолдошум экен. Афганистанда курал көтөрө алган жаш бала деле сырттан келгендерди атып салчу. Жолдошум Ооган согушу дегенде "9-рота" деген тасманы көз алдыбызга элестетсек болот деп эскерчү. Ал согуш афганчылардын бир колунан өмүрүн, ден соолугун, нервин, жаштыгын алып, экинчи колуна контузия, психологиялык жаракат жана жеңишти берип жолуна салды», - деди ал.

Бурулсун Дүйшеева: «Жолдошум 1999-жылы Баткен согушуна дагы барып келди. Ал жактан көбү ойлонуп, күнү-түнү уктабай психологиялык жаракат алышты, депрессияга туш болушту. Айрымдарынын Баткен согушунан келгенден кийин оору-сыркоосу көбөйүп, контузиясы кармап, кээ бири өзүн көзөмөлдөй албаган акыбалга жетип көз жумушту. Күйөөм дагы каза болуп, аза күттүк. Бирок жашоо мени карап турбайт экен, алдыга жыла берет экен. Артында калган балдарын багып, чоңойтуу менин мойнумда калды. Айла жок башымды көтөрүп иштеп, жан багуунун аракетин көрө баштадым.

Жоробек каза болгондо жөлөк пул дагы берилбей калды. Балдарыма атасы жок деп акча берилген жок. Айылдык кеңешке аттанган депутаттар афганчылардын маселесин чечебиз, шайлап бергиле деп айтышат. Бирок шайлоодон кийин жыйынтык жок. Жылда шайлоонун алдында документтерди чогултабыз. Каза болгон айрым афганчылардын аялдары иштебейт. Азыр, ушундай заманда бир адамдын иштегени эмнеге жетет? Афган союзунун президентине жер тилкесин алуу, каза болгон афганчылардын балдарына жөлөк пул берүү боюнча жагдайыбызды түшүндүрүп, кат жөнөтүп келебиз. Бирок жооп жок. Афганчылардын атын жамынып жер тилкесин, үй алгандар дагы бар экен. Алардын иштери ачыкталып эле жатпайбы. Прьемер-министрге кабыл алуусун суранып кат жөнөткөм. Бирөк ал райондук соцфондго таршырма берип коюптур. Эгер өкмөт менен жолугуп калсам, жөнөкөй шарттар менен ипотека менен үй алуу, баштапкы төлөмдүн суммасын азайтып берүү боюнча сунуштарымды айтат элем. Бул маселе боюнча жыйынтыктар болсо жакшы болот эле», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×