Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 17.02.2019 19:57

Кочкордо авариялык абалдагы Ш.Абдылдаев атындагы мектеп 91 жыл мурун кыштан курулган (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы тургундар балдарын авариялык абалдагы Шарип Абдылдаев атындагы орто мектебине жиберүүдөн кооптонуп келишет, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин имаратын 1927-жылы эл ашар жолу менен чийки кыштан салышкан. Пайдубалы таштан түптөлгөн. Мектеп 300 окуучуга ылайыкталган. Учурда 307 окуучу билим алып, 30 мугалим, 10 техкызматкерлер эмгектенишүүдө. Жылдан жылга балдардын саны көбөйгөндүктөн Кара-Тоо айылындагы окуучулардын теңи (болжол менен 200-300 окуучу) айылдан 3-4 чакырым аралыктагы райондун борборуна барып билим алышууда.

Ш.Абдылдаев атындагы мектеби негизинен 4 корпустан турат. Мектептин №4 корпусу авариялык абалда болгондуктан 2015-жылдары эле окуу процессин жүргүзүүгө тыюу салынып токтотулган. Бүгүнкү күндө №1 корпусу кооптуу абалда. Дубалдары чалкалап, үстүңкү шыптары ийилип, жерпайы (фундаменти) чөгө баштаган. Ага карабай балдар билим алышууда. Мектепке келген райондук комиссиянын жыйынтыгы менен №1 корпуста окуган окуучулардын коопсуздугу мектеп директоруна жүктөлүп, мүмкүнчүлүгүнө жараша окуу процессин жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Жаңы мектеп куруу боюнча тиешелүү тараптарга кайрылуулар жиберилип, бирок ушул күнгө чейин жыйынтык чыга элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×