Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 19.02.2019 10:23 На русском

Бөрүлүү мезгил: Кочкордо мергенчилер 4 карышкыр менен 4 чөө атышты (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы мергенчилер 4 карышкыр, 4 чөө атышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мергенчилер тобу 1 жуманын ичинде 4 карышкыр, 4 чөөнү атып жок кылышкан. 2019-жылдын 2 айында 7 карышкыр, 14 чөө жок кылынган.

Атылып келген жырткычтар атайын комиссиянын кароосунан өтүп, кулактарына бирка басылып, документ топтолуп, Аңчылык департаментине маалымат берилет. Карышкыр (1 башына) аткан мергенчиге 6 миң сом, чөө аткан адамга 2 миң сом, бөлтүрүк аткандарга 1,500 сом өлчөмүндөгү сыйлык берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×