Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 19.02.2019 12:31

Айыл турмушу: Мергенчи А.Бөтөнбаев карышкырдын ички органдарын сатууда (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Шамшы айылынын тургуну Адыл Бөтөнбаев 12 жашынан бери мергенчилик кылып, карышкыр атат. Мергенчи менен аймактык кабарчы таанышты.

Адыл Бөтөнбаев райондогу малга кол салган жырткычтарды жок кылып, 5 жылдан бери сыйлык алып жатат. Ал мергенчиликти атасынан үйрөнгөн.

«Кичинекей кезимде мал багып жайлоого чыкчубуз. Ал жакта малды сактоо үчүн жаныбызда дайыма мылтык болчу. Мылтык атууну 12 жашымда атам үйрөткөн. 10 жылдан бери мергенчи болуп, сезон учурунда малга кол салган жырткычтарды жок кылабыз», - деди мергенчи.

Учурда карышкырдын эти, териси, чүкөсү, боору, учтуу тиши жана өтүнө суроо-талап көбөйдү. Айрым керектөөчүлөр мергенчилер менен сүйлөшүп алып, карышкыр атылары менен алып кетишет.

«Карышкырдын ички органдарын алгандар көп. Белгиленген бир баада сатпайм. Көңүлдөн чыккан акчаны беришет. Акыркы 5 жылдан бери мамлекет мергенчилерге жакшы көңүл буруп, ар бир атылган жырткычка сый акы берүүдө. Бул берилген акча ок-дары алууга жетет», - деп кошумчалады Адыл Бөтөнбаев.

Мергенчи акыркы 4 айда 3 чөө, 4 карышкыр аткан.

Элдик медицинада карышкырдын тиши менен бөрү жатыш (тери жана былжыр челдин аллергия оорусу) оорусун эмдешет. Ал эми боору менен уйдун эмчеги ооруганда эмдейт. Терисинен ичик тигилет. Илгери ичикти бай, мартабалуу адамдар кийген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×