Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуКочкор району 19.02.2019 18:48 На русском

Сүрөт — Кылмыштуу топ Айбектин колу-бутун сындырып, тиштерин жулушкан

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын оперативдик кызматкерлери адам уурдоого жана ур-токмокко шектелип, издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургунун кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү

«4 жыл мурун резонанс жараткан кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Окуяга катыштыгы бар дагы бир адам кармалды», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин 2015-жылдын декабрь айынын соңунда белгисиз адамдар бейбаштык менен Кочкор районунун 36 жаштагы тургуну Айбекти сабашкан. Окуя түн ортосунда Кочкор районунун айылдарынын биринде болгон.

Зөөкүрлөр жабырлануучуну үйүнөн сыртка чакырып чыгышып, курал-жарак жана уруп-согуу менен коркутушуп, унаа менен киши жок жерге алып кетишкен. Кийин зөөкүрлөр аны айылдын четиндеги мүрзөгө алып барышып, ырайымсыз ур-токмокко алганы аныкталган. Аны темир буюм менен колу-бутун сындырышып, аттиш менен тиштерин жулуп кордошкон. Жабырлануучу көптөгөн жаракат менен аймактык ооруканага жаткырылган болчу.

Аталган факт боюнча Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2016-жылдын январь айынын башында КРнын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-3-бөлүмүнө ылайык (оор жаракат келтирген бейбашчылык) кылмыш иши козголгон. Ал берене кайра 104-берененин 2-3-бөлүмүнө (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) алмаштырылган (эски кодекс менен). Тергөөнүн алкагында ички иштер органдары тарабынан кылмышка катыштыгы бар Б.Т. жана Н.У кармалган. Аталган адамдар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары оперативдик каттоодо турушат. Бул факт боюнча козголгон кылмыш иши ошол эле жылы ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан өндүрүшкө алынган.

Тергөө учурунда кармалган адамдарга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык (адам уурдоо, алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан курал же курал катарында пайдаланган нерселерди колдонуу аркылуу өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү) жана 104-берененин 1-2-бөлүмүнүн 3-4-5-10-пункттарына ылайык (бейбаштык максатта алдын ала макулдашуу менен адамдардын тобу тарабынан кыйноого жана азап-тозокко салган ыкма менен өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү) айыптар угузулган. Анын натыйжасында аталган адамдар сот тарабынан узак мөөнөткө соттолушкан.

Ал убакта окуяга катыштыгы бар кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү изин жашырып кетүүгө үлгүргөн. Ал Токмок шаарында 1989-жылы туулган А.А. экендиги аныкталып, 2016-жылдын апрель айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары оперативдик каттоодо турат. Жакында эле ыкчам-издөө иштеринин алкагында анын кайда жүргөнү аныкталган.

2019-жылдын 16-февралында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери (Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы) тарабынан издөөдө жүргөн А.А. кармалды. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалып, учурда колго түшкөн адамдын аталган кылмыш ишине окшош башка кылмыштарга тиешеси текшерилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×