Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 20.02.2019 15:16

Кочкордо мышыктар атылды. Видео

Turmush -  Кочкор районунда жыл башынан бери 618 жолбун ит, 5 мышык атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук мергенчилер коомунун төрагасы Таалай Осмоналиев билдирди.

«Райондун аймагында жолбун иттер көбөйүп кеткенде санитардык абал сакталбай, оору-сыркоолор да көбөйөт. А түгүл жолбун иттер малга, үй канаттууларына да зыян келтирет. Үйдө байланып багылбаган иттерди жок кылып туруу керек. Район боюнча ок-дарыга акча бөлүп, мергенчилерди чакырган айыл өкмөттөрдө жолбун иттер атылды», - деди ал.

Талаа-Булак айыл аймагында 100, Кара-Суу айыл аймагында 100, Ак-Кыя айыл аймагында 100 ит, Кош-Дөбө айыл аймагынан 68 ит, 5 кароосуз мышык атылды.

«Калган айыл өкмөттөрдөн азыраак атылды. Кочкор, Семиз-Бел, Чолпон айыл өкмөттөрү мергенчи чакыра элек», - деди ал.

Ошону менен бирге айыл тургундарына иттерди кармоонун эрежелери түшүндүрүлүүдө. Эске салсак, мындан үч-төрт жыл мурда Кочкордо жолбун иттер, мышыктар көбөйүп малдарга кол салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×