Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 20.02.2019 15:54 На русском

Айыл турмушу: Унаасын талкалаган мас айдоочу тез жардам кызматкерин колун сындыра тепкен, - фельдшер Ж.Исраилова

Turmush -  Кочкор районунун тургуну Жумабүбү Исраилова 47 жылдан бери райондогу тез жардам бөлүмүндө фельдшер болуп эмгектенет. Ал аймактык кабарчы менен ишиндеги жаңылыктар жана кызыктуу окуялар жөнүндө маектешти.

Өзүнүн айтымында, Нарын медициналык окуу жайынан фельдшер адистиги боюнча билим алган. 1972-жылы окуусун аяктагандан кийин Кочкор райондук тез жардам бөлүмүнө ишке орношкон.

«Тез жардам бөлүмүнүн иши борборлошуп, автоматташтырылууда. Эгер 112 номуруна чакыруу түшсө, ал маалымат борборго келет. Ал жактан кайсы аймакка тез жардам кызматы керек болсо, ошол аймактагы тез жардам бөлүмүнө чакырууну жөнөтө турган болуп калышты. Чакыруудан келгенден кийин эмне иш кылганыбызды, канчада барганыбызды борборго билдиребиз. Бул жакын арада ишке кирет», - дейт улук фельдшер Жумабүбү Исраилова.

Анын айтымында, айрым учурда чакыруу жиберген адам дарегин туура эмес айтат же жалган чакырууларды жөнөтөт. Чакырууга барганда көчөлөрдү оңой табышат, бирок үйдүн номурлары жок болгондо кыйналышат. Ошондуктан «биз чыгып жатабыз, тез жардам унаасын эшикке чыгып карап тургула» деп айтууга туура келет.

«Тез жардам деп аты айтып тургандай эле ооруп жаткан адамга ыкчам барып кызмат көрсөтүүбүз зарыл. Даяр туруп, чакыруу түшкөндө жөнөйбүз. Ооруп, кыйналып жаткан адамга 1 секунд 1 саатка барабар болот. Кээде бизди "кыйналып жатсак, кечигип келдиңер" деп урушуп тосуп алышат. Мындай сөздөргө кулагыбыз бышып бүткөн. Ооруп жаткан адамга унчукпай кетип калабыз.

Кан басымы жогору болгондор, астма, гипертония менен ооругандар тез-тезден чакырып турушат. Кызматыбызды көрсөткөндөн кийин ыраазычылыгын айтып узатышат. Ар түрдүү адамдар болот. Бирине жаксаң, бирине жакпайсың. Бир нече жыл мурун райондун борборунан алыс жерде жол кырсыгы болду деген чакыруу түштү. Айдоочу мас абалында унаа башкарып, кырсыкка учурап, ичиндеги жүргүнчүлөр жаракат алышыптыр. Унаадан жаракат алгандарды алып чыгып, биринчи жардам көрсөтүп, унаабызга салып жатканбыз. Ошондо мас айдоочу келип "эмнеге бул адамдан биринчи тигиге жардам көрсөтпөйсүң" деп тез жардам бөлүмүнүн айдоочусуна кол көтөрүп, колун сындыра тепкен учур болгон. Тез жардам бөлүмүнүн айдоочусу колунун сынганына карабай сол колу менен унаа башкарып, жабыркагандарды ооруканага алып келген. Жол кырсыгы катталган чакырууга барганда өзүңдү унутуп, кыйналып жаткан адамды эртелеп ооруканага алып барып, жанын аман алып калсак экен деп кудайга жалынабыз», - дейт фельдшер айым.

Ал учурда наркологдордун дагы функциясын аткарып жатышкандыгын айтты.

«Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери айдоочулардын мастыгын аныктоо үчүн бизге алып келишет. Наркологдордун функцияларын дагы аткарып жатабыз. Мас адамдан эмнени гана укпайсың. Айрым учурларда колун кесеп, "сениби, шашпа!" деп кетишет. Мына, биздин иш күнүбүз ушундай», - деди улук фельдшер Жумабүбү Исраилова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×