Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуКочкор району 22.02.2019 10:38 На русском

Айыл турмушу: «Офицер» аттуу куштун ээси — мүнүшкөр М.Баястанов мелдештерге даярданып жатат (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Туз айылынын 70 жаштагы тургуну Мурат Баястанов куш кармап, бош убагында аларды таптоо менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал куш таптоонун сырларын таятасынан, кийин айылдагы мүнүшкөрлөрдөн үйрөнгөн. 20 жылдан бери өз алдынча куш таптап, аңчылык дагы кылып калат.

«Куш таптоого бала кезимден кызыгып, таятаман кушка кандай жем берүү керек, ооруп калса кантип дарылоо керек экендигин үйрөндүм. 40 жыл айылдагы мектепте мугалим болуп иштеп, учурда ардактуу эс алуудамын. Мугалим болгондуктанбы, үйдө жөн жата албай, куш таптоонун сырларын жаштарга үйрөтүп жатам», - деди мүнүшкөр.

Анын айтымында, куштар — туйгун, тынар жана тунжур болуп 3 топко бөлүнөт. Тунжур — куштун төрөсү, күчтүү болуп эсептелет.

«Куштун жеген тамагын көзөмөлдөш керек. Туздалган этти бергенге болбойт. Тамагы ооруса, ала карга же чычкан жедириш керек. Менин кушум тынар куш. Бул — куштун «офицери». Ылдам учуп, өзүнөн чоң келген коён, өрдөк ала алат. Кушка кызыккан жаштарга белгилери, мүнөзү боюнча түшүндүрүп берем. Куштун кайсы убакта жумуртка басып, чыгарарын, кайсы жерге учуп кетерин саятчылар жакшы билет. Куш кармоо оңой эмес», - деди Мурат ата.

Ал таптап жаткан кушунун күчүн сыноо үчүн жакында мелдештерге алып барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×