Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 22.02.2019 16:11 На русском

Мекенди коргоочулар күнү: Кочкорду башкарган жетекчилердин жоокер кезиндеги сүрөттөрү

Turmush -  Кыргызстанда 23-февраль календардын барагында кызыл менен белгиленип, бул дата майрам болуп эсептелип, эс алуу күнү катары жарыяланган. Бир канча жыл мурун советтик армиянын күнү болуп белгиленсе, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан тартып Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Кочкор районундагы мекеме жетекчилердин аскер кезиндеги сүрөттөрүн топтоду.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси аким Нурлан Керимкулов Бишкек шаарындагы 77-02 аскердик бөлүгүнүн атайын мотоаткычтар бригадасында 1993-жылдан тартып кызмат өтөгөн.

Кочкор райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Мисир Абдыкасымов Россиянын Чита шаарынын Забайкал аскердик окуругундагы (аскердик-аба күчтөрү) аскердик бөлүктө 2 жыл кызмат өтөгөн.

Көк-Жар айыл өкмөт башчысы Жылдызбек Сабыржанов Бишкек шаардык 77-02 аскердик бөлүктө 1993-жылдары кызмат өтөгөн.

Майрамбек Асанбаев Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы. Барнаул шаарындагы 17-47 аскердик бөлүктө (өз алдынча техникалык курулуш батальону ) 1984-жылдан 1986-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, подполковник Ринат Төлөнбаев 1995-1996-жылдары Ош шаарындагы 36806 аскер бөлүгүндө мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×