Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 02.05.2019 20:34

Элдик уламыш: Акулунун үңкүрүндө куштар шаңшып тоскон көрүнчү же казактан уурдалган жылкылар

Turmush -  Тоң районунун Ак-Өлөң менен Кочкордун Кара-Күңгөй аймактарынын чектешкен жериндеги Семиз-Бел жайлоосунун жанында Кара-Булак деген жер бар. Бул жерде Ботокандын үңкүрү жана Акулунун үңкүрү деген эки аталыш менен келе жаткан үңкүр турат. Ал Бишкек—Нарын—Торугарт автоунаа жолунун 205-чакырымынын түштүк тарабынан 15 чакырым аралыктагы тоодогу коктунун ичинде жайгашкан. Түштүк-батыш жагынан Көгүчкөн уя, чыгышынан Кыргоонун бели менен чектеш.

Элде айтылган уламыштарда көлдүн Ак-Суу, Түргөн аймагында Кыдыр аке менен Кененбай Байтүгөл уулу экөө болуштукка ат салышып калат. Болуштук шайлоодо эки бир тууган өз ара чатакташпасын деп, ошол кездеги мыктылар Чыныбай, Шабдан, сабатар уругунан Молдо баатыр кеңешип, Түргөн болуштугунун калкы ансыз да көп, эки болуштук түзөлү деп чечим кылышкан экен. Молдо баатыр келип Кененбайга «Кыдыр көлдө калса, сен көлдүн аягы Семиз-Бел деген жерге бар. Ал жерде ар бир бетегенин түбүндө козулуу токту маарап турат. Ошол жерди ээле» дейт. Ошентип алардын мыктылары келип, жерди көрүп чек коюп кетет. Жалга бийдин уулу Акулу Кара-Булактагы үңкүр жайгашкан жерлерге айгырынын жалын жулуп бастырып кетет. Ак-Өлөң, Оттук, Улахол аймагында төбөй, Кочкордун Кош-Дөбө аймагында азык уруулары отурукташкан экен. Шабдан аларга «тиги Кочкордун Кызарт тарабындагы Узун-Булак, Ак-Учук, Ак-Чийге көчкүлө» дейт. Ошентип эки-үч жолу айтылып, бирок көчпөгөндө жигиттери менен келип, күчтөп көчүрөт. (Тарыхый маалыматтарда 1887-жылдарда көлдүн Ак-Суу аймагындагы Ак-Булуң, Ак-Булак деген жеринен арык тукуму уруусунан 1000 түтүн орус колонизаторлорунун кыйноосу менен Кара-Шаар, Оттук, Ак-Өлөң, Кочкордун чыгыш башындагы Кара-Күңгөйгө көчүп келишет).

Ошентип, жер бөлүшкөн кезде Акулу Жалга уулу үңкүр турган аймакты «меники, мен белги коюп кеткем» деп талашат. «Эмне белгиң бар?» дегенде, таш алдынан айгырынын жалын көргөзүптүр. Ошентип, Кара-Булактагы үңкүр чөлкөмүн Жалга бий Бекболот уулу ээлеп калган.

Үңкүрдүн бийиктиги 20 метрге жетип, миңдей кой батып, ооз жагына боз үй тигилип, капталынан кой чубап кирип-чыкчу экен. Көгүчкөн көп болуп, койлор анын кыгын тоют катары жеп чыкчу дешет. Жалга бий Бекболот уулу Меккеге ажылыкка Саадабай деген тууганын ээрчитип кетет. Ал жакта кайтыш болуп, Саадабай Атанай уулу ак кепиндеп, сөөгүн Меккеге коюп келет. Үңкүргө Акулу ээлик кылып калат. Элдин айтымында, ал жердин ээси бар. Чөкө таанга окшош куштар келе жаткандарды шаңшыган үн менен тосуп алышып, узатып турушат дейт.

Акулунун кара үңкүрү мазар аталып анын тукумдары, элдер зыярат кылып турушат. Анткен менен бул үңкүрдү көпчүлүк Ботокандын үңкүрү деп да аташат. Анткенинин себеби, Ботокан Калмаакы уулу деген Акулу көчүп келе электе эле, Чүйдөн, казак жергесинен жылкы тийип, уурдап келип үңкүргө катчу экен. Жылкыларды элге союшка таратып бергендиктен, жөө Ботокан, жоомарт Ботокан деп аты уламышка айланыптыр. Жөө Ботокан дегени Кочкордун Кара-Күңгөй айылынан колуна нокто, чылбыр алып эртең менен чыгып, күн шашкеде Кызарттын белинде болуп калчу экен. Бут кийимин тескери кийип, согончогу менен басып, кар жааганда изин жашырып кетчү эле дешет. Ошол Ботокан жылкы камап жүргөндүктөн Акулу келе электе Ботокандын үңкүрү деп аталчу. Азыр да үңкүрдү көпчүлүк Ботокандын үңкүрү десе, айрымдар Акулунун үңкүрү деп эки ат менен аталып жүрөт.

Жазган: Кочкор району, Майрамбек Деркенбаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×