Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 25.02.2019 10:01 На русском

Айыл турмушу: Т.Бегалиев кир жуучу машинадан шире сыгуучу жабдык ойлоп тапты (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылынын тургуну Таалай Бегалиев кир жуучу машинадан шире сыгуучу жабдык ойлоп тапты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Таалай Бегалиев жарактан чыккан электр буюмдарына экинчи өмүр берүүдө.

«Айылда алма сактоочу жай жок болгондуктан алмалар жарабай калат. Ысырап болуп жаткандыгын көрүп, алманын ширесин сыгуучу аппарат жасоо керектигин ойлонуп жүрдүм. Ар кандай кылып жасап көрүп, купулума толбой жатты. Өзүм электр буюмдарынын бардык түрүн оңдочумун. Үйдө жарактан чыккан совет убагындагы кир жуучу машина бар экен. Ошону алып чыгып, жасап көрдүм. 3 жылдан бери район элинен буюртма алып, шире сыгып берем. 5 саат аралыгында 200 литр шире сыгылат. Мындай жабдык Кочкор районунда менде гана бар. Шире сыгуу сезон убагында эле болот», - дейт Таалай Бегалиев.

Ал окуучу чагында физика сабагын жакшы окуп, 7-класстан тарта ар кандай техникаларды оңдоп баштаган.

«Электр жабдууларын монтаждоо, теле байланыш жана электр тармактары боюнча окуп, дипломго ээ болдум. Азыр буюртмалар менен райондогу элдин электр буюмдарынын бардык түрүн оңдоп, кошумча каражат табам», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×