Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 25.02.2019 12:27

Кочкордо малдын баасы канча болуп жатат? Сүрөт

Turmush -  Кочкор районундагы Теңдик айылында ири мал базар жайгашкан. Ар жуманын ишемби күндөрү мал базарга Нарын облусунун бардык аймактарынан жана Чүй, Ысык-Көл облустарынан соодагерлер келишет. Аймактык кабарчы Кочкордун мал базарындагы малдын баасын билип көрдү.

Мал сатуучулардын айтымында, малдын баасы бир аз жогорулаган, бирок сатып алган киши аз. Семиз малдар тез сатылып жатат.

Малдын баалары:

- Семиз бээ — 65 000-70 000 сом;
- Эркек тайлар — 15 000-18 000 сом;
- Ургаачы тайлар — 22 000-25 000 сом;
- Байтал — 45 000-50 000 сом;
- Кунан – 40 000-45 000 сом;
- Семиз уйлар — 45 000-55 000 сом;
- Чоң уй - 40 000-47 000 сом;
- Музоолуу уй - 47000- 60 000 сом;
- Кунажын — 35 000 сом;
- Эркек торпоктор — 20 000-25000 сом;
- Ургаачы торпоктор – 17000-25000 сом;
- Бука ( эки жаш) — 45 000 сом;
- Чоң бука — 50 000 сом;
- Токту, борук — 3500-4000 сом;
- Семиз токту, борук – 5000-6000 сом;
- Семиз кочкорлор – 13 000-15 000 сом;
- Чарба койлор — 4200-5000 сом;
- Козулуу кой — 7000 сом;
- Семиз кой — 6500-7000 сом;
- Эчки — 3000-3500 сом;
- Улактар — 1700-2300 сом.

Ошондой эле мал сатуучулар чөптүн кымбаттаганын айтышты. Учурда 1 боо чөп 170-180 сом, Чүйдөн алынып келгендер 140-150 сомдон сатылууда. Ал эми арпанын 1 кг салмагы 13 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×