Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 26.02.2019 09:50

Кочкордун Чолпон айылында 5 үйдү суу каптады

Turmush -  Кечээ, 25-февралда Кочкор районунун Чолпон айылынын Жаңы-Конуш тилкесинде 5 үйдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шлюз ачылып, арыктан суу ашып кеткендиктен улам суу каптаган. Анын кесепетинен Эсен көчөсүндөгү 5 үйдүн короолору жабыркады. ӨКМдин куткаруучулары суунун нугун бурушкан. Үйлөргө жана чарбаларга коркунуч жаралган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×