Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 26.02.2019 18:12

Машыгуу: Кочкордогу мектепте өрт чыгып, үч окуучу куткарылды. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өрткө каршы жана куткаруу иштери боюнча тактикалык машыгууларды өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

План боюнча бүгүн, 26-февралда Кочкор айылындагы К.Кыдыралиев атындагы орто мектепте өрт чыгып, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өрттү өчүрүп, 3 окуучуну 2-кабаттан куткарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

«Өрт коопсуздугун алдын алуу жана адам өлүмүнө жол бербөө, ошондой эле өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатында аталган иш-чара уюштурулуп, окуучуларга жана мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Быйыл план боюнча 6 чоң объектте машыгуулар өтөт», - деди Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, подполковник Ренат Төлөнбаев.

Машыгуунун жыйынтыгында өрткө каршы кызматынын жана тез жардам кызматынын даярдыктары жакшы деп бааланды. Ал эми мектептин жамааты өздөрүнө тиешелүү функцияларын жакшы билбейт деген тыянак чыгарылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган мектепте өрт өчүрүүчү гидранттар жок жана өрт өчүрүүчү калкандар жетишсиз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×