Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 27.02.2019 10:05

Кочкордо байге фондусу 180 000 сомду түзгөн ат чабыш уюштурулду (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун Туз айылында ат оюндарын өнүктүрүү максатында ат чабыш уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Туз айылында жайгашкан Тилек атындагы ат майданында Кочкор районунун жана Туз айылынын ат сүйүүчүлөрү ат чабыш мелдешин өткөрүштү. Мелдештин байге фонду 180 миң сомду түзүп, анын 50 миң сомун Нарын облусунун Теңир-Тоо аргымактары федерациясы каржыласа, калган акчаны Кочкор районунун ат сүйүүчүлөрү чогултушкан. Ат чабышка башка облустун күлүк ээлери жана Нарын облусунун Теңир Тоо аргымактары федерациясынын президенти дагы катышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

- Кунан чабыш (8 чакырымга) — 1-орунду Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылынан келген Бек Ашкеевдин Виктория деген күлүгү алды. Ээси сыналгы жана 12 000 сом менен сыйланды. 2-орунду Кочкор районунун Кинг аттуу кунаны алып, анын ээси 12 000 сом менен сыйланды. 3-орунга Нарын районунан келген Рыскелдиев Жумакенин Каркыра деген кунаны илинип, ээсине 6000 сом ыйгарылса, 4-орунду Жан-Булак айылынан келген Марс Кендирбаевдин Мурас деген кунаны алып, ээси 4000 сом менен сыйланды.

- Бышты чабыш (12 чакырымга) — 1-орунду Тоң районунун Эркетору деген быштысы алды. Күлүк ээси үй тиричилик буюму жана 9000 сом менен сыйланды. 2-орунду дагы Тоң районунан келген Темирбек Жеңишбековдун Күрөң кашкасы алып, 7000 сом менен сыйланды. 3-орунга Кара-Кужурдан келген Кожо Исраиловдун Карат аттуу быштысы илинип, ээси 4000 сом менен сыйланды.

- Жорго салыш ( 10 чакырымга) — 1-орунга Кочкор районунун Төлөк айылынан келген Мукамбет Аймановдун Пензет аттуу жоргосу татыды. Күлүк ээси муздаткыч жана 12 000 сом менен сыйланды. 2-орунду Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын Патронка деген жоргосу ээледи. Жоргонун ээсине 10 000 сом ыйгарылды. 3-орунду Жумгал районунун Кызарт айылынан келген Кубан Кыдыралиевдин Кызарт деген жоргосу алып, ага 5000 сом ыйгарылса, 4-орунду Төлөк айылынан келген Карабаев Эламандын Тикач деген жоргосу ээледи. Анын ээси 3000 сом менен сыйланды.

- Ат чабыш (18 чакырымга) — 1-орунду Чүй облусунан келген Асылбаев Канаттын Карара деген күлүгү алып, ээси сыналгы жана 12000 сом менен сыйланды. 2-орунду Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылынан келген Эмилканов Таланттын Гамма деген күлүгү алып, ээсине 12000 сом ыйгарылды. 3-орунга Кочкор районунун Шамшы айылынан келген Муса Султановдун Кайберен аттуу күлүгү илинип, ээси 7000 сом менен сыйланса, 4-орунду Ысык-Көл облусунан келген Самак Усупжановдун Радуга аттуу күлүгү алып, 5000 сом менен сыйланды.

Мелдештин соңунда ат оюндарын мындан ары дагы жайылтуу боюнча чечим кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×