Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 27.02.2019 12:48

Жубайлар: 52 жыл бирге өмүр кечирген Абдыкасым ата менен Калипа апа 40 жыл тубар кой багышкан (сүрөт)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Кочкор районунун Исакеев айылынын тургундары Абдыкасым Дүйшөналиев менен Калипа Дүйшөналиева.

Алар райондун алдыңкы чабандары болушкан.

Абдыкасым Дүйшөналиев менен Калипа Дүйшөналиева экөө 52 жылдан бери чогуу жашап келе жатышат. Алар жаш күнүнөн тартып колхоздун тубар коюн 40 жыл багып, ардактуу эс алууга чыгышкан. Учурда дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүшүүдө.

Абдыкасым Дүйшөналиев: «Байбичем экөөбүз бала күнүбүздөн тартып колхоздун тубар коюн бактык. Кой багуу оңойго турган иш эмес. Ал кезде совхоз бардыгын камсыз кылып, ошону менен катар талапты катуу коёр эле. Чарбага элдин күчү жетпей, аялдар суу сугарып, талаада иштешчү.

Жакшы төл алсак экен деп сакмал учурунда жаныбыз тынчу эмес. Төл алууда план берилчү. Байбичем экөөбүз берилген пландан көп төл алып, ишибиз бааланды. Ишибиз так, кызматыбыз ак болгондуктан СССР убагында бир катар медалдар менен сыйланып, республикалык жыйындарга катышып жүрдүм. Сыйлыкка килемдин түрүн, "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаа да алдык. Турдакун Усубалиев эчен жолу "айыл чарба институтунан оку" деп жүрдү. Мен болсо мынча жашка келдик, окубайм деп окубай койдум. Биз билим албасак да, балдардын баарын билимдүү кылып окута алдык.

Биздин убактагы мал багуу менен азыркы убактагы мал багууну салыштырып болбойт. Азыркы фермерлер малын сатып, соода-сатык менен эле алектенет. Совет бийлиги элдин жашоосу бирдей деңгээлде болушун карачу. Азыр заман жакшы. Ар ким каалагандай иштеп, жашоосун жакшырта алат. Чабан болуп жүрүп жаман нерсе көргөнүбүз жок», - деди.

Калипа Дүйшөналиева: «Чабан болуп иштеп жүрүп, жумуштун көптүгүнөн урушуп-талашып көрбөптүрбүз. Соң-Көл жайлоосунда боз үй, чатырда жашап, айылга келгенде ар кайсы сарайга көчүп мал бактык. Оңой оокат жок.

Эркекти эр кылган да, жер кылган да аял. Аял-эркек бири-бирин колдоп жашаса эле бардык нерсеге жетет. Жашоонун жакшы болушу аялдан көз каранды деп эсептейм. Аракет кылсаң, берекет болот деп бекер айтылган эмес. Кылар жумушу жок, өкмөткө жүгүн арткан адамдар да бар. Азыркы жаш үй-бүлөлөргө айтарым, эч качан үйдө бош отурбагыла, билимдүүмүн ишим жок дебестен жер иштеткиле, изденгиле. Сөзсүз жыйынтыгы жакшы болордон үмүт үзбөгүлө. Үйдүн куту аялда, аял киши бардык нерсенин эбин тапса болот.

Баатыр энемин, 9 баланы тарбиялап өстүрдүк. Баарын тең окутуп, билимдүү кылганга аракет кылдык. Ар кимиси өз кесиби менен иштеп жатышат. Кичүү балам колубузда болгондуктан ал чарбачылыгы менен алектенүүдө.

Адам улгайган сайын балалыгы, жаштык кези эсине көп келет тура. Жаштык чагыбызда алдыңкы чабан деп жыйындарга катышып, сөз сүйлөдүк. Азыр ошол кездерди сагынабыз.

Абышкамдын 84 жашка келип калды. Айылдагы аксакалдардын бири. Кээде айыл өкмөт, айыл башчыларына таарынып калам. Маданий иш-чара, Карылар күнү, Көчмөндөр оюндарына чакырышпайт. Карыган кезде көңүл буруп койсо, кубанып каласың. Биз деле алардан бир нерсе үмүттөнбөйбүз. Болгону урматтап, көңүл бөлүп койсо дегеним», - деди ал.

Абдыкасым Дүйшөналиев менен Калипа Дүйшөналиева 9 баланын ата-энеси жана 25 небере, 13 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×