Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 27.02.2019 19:17

«Мени чөптө иштеген эркектер талашчу...»: 102 жаштагы Ракыя апа кайненесин окутуп, 124 чөбөрөлүү болду

Turmush -  Ракыя Үркүнбаева Кочкор районундагы кылым карыткан карыялардын бири. Ал учурда 102 жашка чыкты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ракыя Үркүнбаеванын айтымында, Кочкор районунун Теңдик айылында 1917-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Кожаалы райондогу билимдүү молдо болгон. Кожаалы кызын кат сабатын жоюп, билимдүү кылып чоңойткон. Совет бийлиги тушунда райондогулардан биринчи болуп Сталин атындагы орден алган.

Ракыя апа 17 жашында турмушка чыгып, 7 жылдай балалуу болбой жүрүп, биринчи уулун 24 жашында төрөгөн.

«Атам мени окуучусу Эсенгулга күйөөгө берип койду. Мен сабаттуу болгондуктан айылдагы аялдарды, өзүмдүн улуу кайнене, кайын эжелеримди окутуп, тамга тааныттым. Улуу балам согуш башталган убакта 1941-жылы төрөлдү. Атын Аскербек деп атадык. 12 бала төрөп, туугандардын 2 кызын багып алып, жалпы 14 баланы чоңойттук. Баланы да багып, колхоздун жумушун да жасап, ал ортодо үйгө шырдак жасап, тиричилик кылганга да жетишчүмүн. Кийин абышкама айтып, 75 баш боз үйдүн ички жана тышкы жасалгаларынын баарын жасап, ак өргөө көтөрдүк.

Ал убакта талаада, малда, бардык жерде адам күчү жетишпейт эле. Аялдарга кошулуп алып жайында жер сугарып, жазда соко кармап, чөп жыйноого да чыкчубуз. Чөптө иштеген эркектер "Ракыя жакшы иштеп, чөптү чачпай ыргытат" деп мени талашчу.

50 жашымда кичүү баламды төрөдүм. Карыганда көрдүк деп, атын Карыбек койдук. Совхоз учурунда уй багып жүрүп, 12 сом менен пенсияга чыгып калдым», - деди ал.

Ракыя Үркүнбаеванын уулу Карыбек Эсенгулов апасынын айткандарын эске салды.

«Апам Сталин орденин алгам деп айтып калчу. Кийин ал жоголуп кетип, табылбай калыптыр. Апам тубаса билимдүү деп ойлоп калам. Себеби, жадыбал, ырларды, бала кезинен үйрөнгөн сүрөөлөрдү айтып калат. Неберелерине жадыбалды жаттатып, ыр, жомоктордун баарын айтып берчү. Азыр да отуруп ырдап калат. Бутун кокустатып алып, 2 жылдан бери отуруп калды», - деди ал.

Үркүнбаева Ракыя апа 14 баланын энеси. Тилекке каршы 2 баласы каза болуп калган. Учурда 57 небере, 124 чөбөрө, 22 кыбырасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×