Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 27.02.2019 17:28

Айыл турмушу: Жаш мугалим Чыңгыш элеттик окуучуларга физикадан сабак берип жатат (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун С.Исмаилов атындагы орто мектебинин эң жаш мугалими Чыңгыш Абадан уулу 2018-жылдан бери физика сабагы боюнча балдарга билим берип, эмгектенип келет. Ал 7-класстан тартып 11-класстын окуучуларына сабак берет. Чыңгыш менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепти 2014-жылы аяктап, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырган. Учурда 23 жашта.

«Апам физика сабагынан мугалим болуп иштечү. Апамдан таасирленип Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен физика адистиги боюнча билим алдым. Окуумду аяктагандан кийин айылга келип, мугалим болуп иштеп баштадым. Диплом алсам магистратурага тапшырайын деген ниетим бар. Эң жаш мугалим болгондуктан эжей-агайлар кеңешин айтып, колдоп турушат», - дейт Чыңгыш.

Анын айтымында, педагог окуучуларга сабакты өз максатына жеткире түшүндүрүп, окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамилени сактоо зарыл.

«Биринчи жолу мектепке мугалим болуп келгенде 7-класстын окуучуларына катуу нерсенин басымы деген тема боюнча сабак өтүп, окуучулардан жана мугалимдерден аябай сүрдөгөм. Өз предметимди жакшы өздөштүргөндүктөн окуучулар суроо берсе билбей калган учурум болгон эмес. Физика сабагынан лабораториялык иштерди жасоодо приборлор жетишпейт. Ошондуктан окуучуларга сабакка тиешелүү видеолорду интернеттен көрсөтүп, түшүндүрүп берем», - деди жаш педагог.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×