Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуКочкор району 28.02.2019 10:53 На русском

Тарых инсаны: Согуштан кийин чоң кызматтарда иштеген ардагер Н.Исабаев жалгыз уулунун колунда карылыктын доорун сүрүүдө

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Нуркожо Исабаев менен аймактык кабарчы таанышты.

Нуркожо Исабаев 94 жашта. Улуу Ата Мекендик согушка 19 жашында, тактап айтканда 1943-жылы чакырылган. 6 айлык аскердик даярдоо курсунда окуп, Кривой Рог шаарындагы согуш талаасында болгон. Эки бутунан жарадар болуп, согончогу жарылып, госпиталдан дарыланып чыккан.

Нуркожо Исабаевдин уулу Асанкалый Исабаев атасынын согушка барган күндөрүндөгү эскерүүлөрүн айтып берди.

«Атам согуштан алган жаракатын көрсөтүп, бизге айтып берер эле. Аскердик окуудан өткөндөн кийин 3 күн Кривой Рог деген шаардын жанындагы айылды баскынчылардан куткарып, кайра шаарга келгенде, каршылаштары тарабынан командирине снаряд тийип, анын калдыгы атама да тийиптир. Ошондо согончогу жарылып, жаракат алган. Госпиталдан дарыланып бүткөндө, ошол жактагы кызматкерлер "сени үйүңө кетирет экен" деп айтышса, "согушта 3 күн болуп эле кайтамбы, элдер сураса эмне деп жооп берем" деп сарсанаа болуптур. Ал Кыргызстанга келем деп ойлосо керек. Госпиталдан чыккандан кийин Польшадагы токойдогу ок-дары сактаган сарайды кайтарууга жөнөтүлүптүр.

СССР жеңди деген кабарды уккандагы сезимдерин айтып түгөтө албайт эле. "Ал сүйүнүчтүү кабарды укканда айрымдары ыйлап, каткырып, ырдап, айтор сезимдерибизди жашыра алган эмеспиз" деп айтып калчу. Согуштан 1946-жылы кайтып келип, үй-бүлөлүү болуп, 1947-жылы жалгыз уулу мен төрөлгөн экемин», - деди ал.

Асанкалый Исабаев: «Атам Фрунзедеги гидромелиорация техникумунда окуп, өз билими боюнча Ак-Талаа, Кочкор, Нарын, Ат-Башы жана Фрунзе шаарларында иштеген. 1955-жылы Жамбылдагы Гидромелиорация институтун сырттан окуп бүтүрүп, 1968-жылдары Кочкор райондук айыл чарба башкармалыгынын суу чарба бөлүмүндө жетекчи болуп, көп жылдар бою эмгектенди. Нарын облустук айыл чарба жана курулуш бирикмесинде башкы инженер болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан», - деди ал.

Учурда ардагер аксакалды келини менен уулу багып жатышат.

«Эки жылдан бери төшөктө жатат. Айрым учурда акылын жоготуп коёт», - деп кошумчалады уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×