Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 28.02.2019 17:08

Айыл турмушу: Ж.Жумалиева 42 жылдан бери китепканачы болуп эмгектенип келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Исакеев айылынын тургуну Жээнкүл Жумалиева 42 жылдан бери айылдагы С.Исмаилов атындагы орто мектепте китепканачы болуп эмгектенип келе жатат. Китепканачы менен аймактык кабарчы таанышты.

Жээнкүл Жумалиеванын айтымында, ал айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин эле китепканачы болуп ишке кирген. Кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин китепканачы бөлүмүн окуган.

«11-классты аяктагандан кийин эле мектептеги китепканада иштеп калдым. Турмушка чыгып, балалуу болдум. 1985-жылы окууп баштап, китепканачынын дипломуна ээ боло алдым. 1977-жылдан бери китепканада иштеп келе жатам. Өз кесибимди жакшы көрүп сүйгөндүктөн каникул убагында да мектепке келип, китептеримди карап кетем. Окурмандарды китеп окууга тартуу үчүн көп китеп, жагымдуу атмосфера керек. Андыктан өз каражатым менен китепканага керектүү текчелерди жасатып, демөөрчүлөргө китеп алдырдым. Азыр 6 миң 776 окуу китептерим бар», - дейт Жээнкүл Жумалиева.

Мектеп администрациясы жана китепкана 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар үчүн «Келгиле окуйбуз» долбооруна катышып, китептерди алышкан.

«Адам кесибине байланып калат деген чын экен. Себеби каякка барбайын көзүмө жакшы китеп көрүнсө ошону сатып алам. Ал гана эмес, белекке да китеп берем. Азыр жаштар көп китеп окубай жатканы өкүндүрөт. Буга ата-эне да күнөөлүү, себеби баласынын телефон колдонгонун көзөмөлгө алып, чектөө киргизбей жатат. Мындан 20 жыл илгери мектептин китепканасына ата-энелер да келип китеп окуучу. Азыр андай көрүнүш жок. Окуучулар таптакыр китеп окубай калышты дегенден алысмын. Арасында китеп окууга кызыгып, сынакка катышкан балдар бар. Айрым окуучулар колго китеп жасап алып келишет», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×