Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 04.03.2019 13:08

Тагдыры татаал таза суу: Кара-тоолуктардын чечилбеген көйгөйү (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын тургундары таза сууга муктаж. Анткени суу түтүктөрү жана колонкалар эбак эле жарактан чыккан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор районундагы Кара-Тоо айылында 2 810 тургун бар. Айылда таза суу чыгаруу маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келүүдө. Гүлжамал Рыскелдиеванын үй-бүлөсү менен Кара-Тоо айылында жашап жатканына 25 жылдын жүзү болду. Ал ушунча жылдан бери таза суу маселеси чечилбей жатканына нааразы.

«Биз үй-бүлөбүз менен Кара-Тоо айылында жашап жатканыбызга 25 жыл болду. Ошончо жылдан бери таза суу көйгөйү чечилбей келе жатат. Өзүбүз жерге түтүк киргизип, суу чыгарып алганбыз. Эрежеге ылайык, таза суу даараткана жана мончодон 25 метр алыста болушу керек экен. Бирок биз чыгарып алган суу ал талаптарга жооп бербейт. Суу кир болгондуктан ар кандай оорулар көбөйүп жатат. Дарыгерлер менин өтүмдөн таш алышкан. Балдарымдын бөйрөгүндө таш бар дешкендиктен дарыланып турушат. Мени балдардын ден соолугу тынчсыздандырып жатат. Суу менен бирге кум, шагыл жана ар кандай нерселер агып түшөт. Аны тундуруп ичүүгө туура келет. Ал эми чай кайнаткан чайнекти улам жууп туруш керек. Айыл өкмөтү жана акимчилик көйгөйдү чечип беришсе жакшы болмок», - дейт Гүлжамал Рыскелдиева.

Кара-Тоо айылынын башчысынын милдетин аткарып жаткан Болот Көбөнов убагында таза суу чыгаруу боюнча бир чет элдик фонд жумуштарды баштаганын, бирок ал иштер аягына чыкпай калганын билдирди.

«Таза суунун трассасы совет мезгилинде тартылган. Жер алдындагы түтүктөр, жер үстүндөгү суу колонкалары жарактан чыккан. Азыр аларды колдонууга мүмкүн эмес. Бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатабыз. 5 жыл мурун таза суу чыгаруу боюнча бир чет элдик фонд тарабынан 1-транш менен иштер жүргүзүлүп баштаган. Бирок эмнегедир жумуштар аягына чыкпай калды. Чет элдик фонд болгондуктан өкмөт аны көзөмөлгө ала албайт экен», - деди Б.Көбөнов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×