Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 04.03.2019 17:57

Элет көйгөйү: Кочкордун Кара-Тоо айылындагы жарыгы үлбүрөгөн жаңы конуш

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кара-Тоо айылынын Береке көчөсүнүн жашоочуларына берилген электр энергиянын кубаттуулугу аз. Талаптагыдай энергия ала албаганына нааразы болгон жергиликтүүлөр аймактык кабарчыга кайрылышты.

Кара-Тоо айылынын Береке көчөсүндө отузга чукул түтүн күн кечиришет. Бул көчө айылдагы жаңы конуш болуп эсептелинет. Тургундардын алды 25 жыл мурун көчүп келип жашап башташкан.

«Электр энергиясынын кубаттуулугу аз. Көчөдөгү электр мамыларынын узундугу ар кандай. Мамыларды ар ким ар кайсы жактан алып келип, электр зымдарын тартып, үйлөргө алып кирип алганбыз. Кубаттуулук аз болгондуктан электр буюмдарыбыз күйүп кетет. Эң жөнөкөй нан бышыруу түйшүк. Кечкисин лампанын спиралы эле күйүп, талаптагыдай энергия ала албайбыз. Жамгыр жаап, бир аз шамал болсо эле жарык өчүп, бизди убарага салат. Жарык өчкөндө өзүбүз эле зымдарды туташтырып жатып, зымдар курама болуп калды», - дейт Замир Мамбеталиев.

Мындан сырткары электр чубалгылары да талапка жооп бербейт. Айрым электр чубалгылары 3 метрге жетпеген бийиктикте жайгашкан. Мындан улам жүк ташуучу унаалар короого кире албайт.

«Кочкор райондук электр тармактар ишканасы 25 бетон мамыларды алып келип берген. Ушул көчөнүн жашоочулары чуңкур казып, мамыларды орнотконбуз. Декабрь айына чейин электр чубалгыларын тартып, электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз болосуңар деген. Бирок 4 айдан бери дайыны жок. Унаа менен жүк алып келгенде короого кире албай калам. Себеби электр чубалгылары төмөн болуп калган. Балдар топ ойногондо да корком. Алыс барып ойногула деп көзөмөлдөп турууга туура келет. Бул ишти аягына чыгып бүтүрүп беришсе жакшы болот эле», - деди айыл тургуну Касым Эркинбеков.

Кара-Тоо айылынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Болот Көбөнов: «2018-жылы электр чубалгыларын тартуу боюнча айыл өкмөттөн 150 миң сом Кочкор райондук электр тармактар ишканасына которулган. Бул ишти аягына чейин бүтүрүп берүү үчүн кат жөнөтүп, жыйында айтканбыз. Бирок бул маселе азыркыга чейин чечиле элек», - дейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×