Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 05.03.2019 16:58

Видео, сүрөт — Кочкордо Ак калпак күнү кандай белгиленди?

Turmush -  Кочкор районунда Ак калпак майрамы баштарына ак калпак кийип, колдоруна кызыл туу көтөргөн райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, мектеп окуучуларынын жөө жүрүшү менен коштолду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жөө жүрүш Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдынан башталды. Парадга жалпысынан 500дөй адам катышып, алар «Сейил» гүлбакчасындагы маданият сарайына чейин басышты. Ал жерде аким Нурлан Керимкулов, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Абакиров, райондук ветстанциясынын башчысы Мусабек Абдыкеримов чогулгандарды Ак калпак күнү менен куттуктады. Маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты жана мектеп окуучуларынан чыккан өнөрпоздор ыр-бий тартуулашты. Мындан сырткары райондогу мектептерде, бала бакчаларда да Ак калпак күнү белгиленип, калпак тууралуу ырлар, дилбаяндар жазылды.

Көк-Жар айылындагы Т.Усубалиев атындагы мектеп окуучулары да туу көтөрүп жөө жүрүшкө чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×