Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 06.03.2019 10:11

Айыл турмушу: Жашыңызга жараша калпак кийиңиз, - кочкорлук кол өнөрчү Ф.Айыпова

Turmush -  Кечээ, 5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленип, кыргызстандыктар түрдүү калпактарды кийишти. Мына ошол калпактардын пайдасын жана кыюулардын түстөрүнүн мааниси жөнүндө Нарын облусунун Кочкор районунда 15 жылдан бери калпак тигип келе жаткан Фатима Айыпова айтып берди.

«Калпак ак кийизден жасалган. Ар уруунун калпагы дагы бири-биринен айырмаланып турган. Уяң ак жүндү жуулуп, тытылгандан кийин гана калпактын кийизине пайдаланышкан. Кийиз даяр болгондон кийин аны бычып, кесип алышат. Бычымдар бири-бирине беттеп тигилет. Оюлуп алынган кийиздин кырларына ак, кара, көк, жашыл тукаба, сатин жана башка кездемелерден кыюу тигишет. Калпактын кырына тигилген кыюулардын түсү адамдын жаш өзгөчөлүгүнө жараша тандалат. Жаш балдардын калпагынын кыюусу кызыл жана жашыл, бой жетип калган жигиттердин калпагынын кыюусу көк, орто жашка чейинкилердин калпагынын кыюусу күрөң жана кара, улгайып калгандардын, аксакалдардын калпагынын кыюусу ак же ала кездемеден жасалган. Калпакка түшүрүлгөн оюулар дагы жаш өзгөчөлүккө жараша түшүрүлөт. Азыр оймонун түрлөрүн көпчүлүк аңдап билбей калды. Калпактын түрдүү формасы бычылып, бооруна оймо, түр салынып, өзгөчө кооздолуп тигиле баштады. Учурда калпакты синтепондон дагы жасашат. Бул материалдан жасалган калпактын баасы кийизден жасалган калпактын баасына салыштырмалуу бир топ арзан. Сапаты жана пайдалуулугу жагынан табигый жүндөн жасалган калпакка жетпейт», - дейт Фатима айым.

Анын айтымында, табыгый жүндөн жасалган калпак жылуу болот жана жайында башты тердетпейт. Ак калпак адамды жашартып, боюн узун көрсөтөт. Ал соңку 5 жылдан бери калпакка суроо-талап көбөйүп жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×