Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 28.03.2019 01:54

Адистердин кеңеши: «Ырайымсыз тоо ажыдаарынан» кантип сактануу керек?

Turmush -  Жаз-жай мезгилинде суу каптоо, сел жүрүү коркунучтары бар. Бул кырсыктардын кантип алдын алуу, өзгөчө кырдаалдарда адамдардын өмүрүнө жана тиричилигине коркунуч келтирген жагдайларга кантип жол бербөө, өзгөчө кырдаалда кандай ыкчам чара көрүү, кандай даярдыктарды жогорулатуу керек? Аймактык кабарчынын бул суроолоруна Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы, лейтенант Талант Мамбеталиев жооп берди.

- Өлкөбүздүн тоолуу аймактарында селдин жүрүшү кайталанып турган көрүнүш. Сел катуу суу агымы экенин баарыбыз билебиз. Тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы. Таш агызган селдер – ири таштардын, анын ичинде мөңгүдөн пайда болгон тоо таштарынын, шагылдардын, кесек таштардын, кумдардын ылайланган аралашмасынан турган суу агымы. Ылай аралашкан сел – бир аз таштарды агызган сел агымы. Селдин жүрүшүнө түрткү берген себептер да бар. Аларга төмөнкүлөр кирет:
— узакка созулган, нөшөрлөп жааган жамгыр;
— күндүн кескин ысып кетиши;
— кардын же мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээриши;
— жер титиреп, жанар тоолордун жарылышы;
— токойлордун кыркылышы;
— казуу иштерин туура эмес уюштурулушу.

Сел өзү менен кошо миллиондогон метр куб ар кандай аралаш массаларды алып келет. Ал күтүүсүз келип чыгуу менен 10 мүнөттөн бир нече саатка чейинки аралыкта бир нече толкундар менен коштолуп, тез арада (секундасына 10 метр жана андан көбүрөөк) жылышы мүмкүн. Адатта, сел жүрүшү ыктымал болгон жерлер алдын ала белгиленет. Башка агымдардан айырмаланып сел өз-өзүнчө толкундар менен коштолот. Биринчи толкун 15 метрге чейин же андан жогору бийиктикте болушу мүмкүн.

Ар кандай аралаш массаны өзү менен кошо ширеп, саатына 15-20 км аралыкты басып өткөн катуу сел кыйраткыч күчкө ээ болуп, айдоо аянттарын жок кылып, адамдардын жана мал-жандыктардын өлүмүнө алып келиши ыктымал. Мына ошондуктан, селди «ырайымсыз тоо ажыдаары» деп атап келишет. Мындай бөөдө кырсыктан айрыкча адамдар (туристтер, геолог чалгындоочулар, чек арачылар, тоо этегинде жайгашкан айыл жашоочулары) турак үйлөр, инженердик жана жол курулушунун имараттары жабыр тартат. Сел жүрүшү ыктымал болгон кооптуу региондордо селге каршы күрөшүүнүн инженердик ыкмалары – суу тосмолор, ырайымсыз суу агымын туш-тушка бөлүп каарын жеңилдеткен каналдар, жол бойлорунун жээктелиши (дамба) жардамга келет.

Сел – ѳзгѳчѳ коркунучтуу гидрологиялык кубулуш болуп саналат. Сел агымы темир жолдорго жана автомобиль багыттарына, сугат системаларына жана экономиканын башка маанилүү объекттерине, тоо этегинде жайгашкан калктуу пункттардын жашоочуларына олуттуу коркунуч келтирет.

Сел кырсыгын алдын алуу боюнча төмөнкү иштерди жүргүзүү зарыл:

— селге туруштук берүүчү тосмолорду жана жээктерди бекемдөө;
— сууну буруп кетүүчү каналдарды куруу;
— тоо көлдөрүнүн деңгээлин төмөндөтүү;
— ар кандай бак-дарактарды тигүү менен жантайынкы жер кыртыштарын чыңдоо;
— байкоолорду жүргүзүп, маалымдоо системаларын жөнгө салуу жана көчүрүү чарасын пландаштыруу.

Селге кантип даярдануу керек:

— сел жүрүшү ыктымал болгон жайларды кыдырып, иликтеп чыгуу. Айрыкча, катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийин ошол жерлерден алыс болуу талап кылынат;
— селдин ырайымсыз катуу толкунунан аман калуу мүмкүн эместигин эч качан унутпагыла. Андан убагында качып кутулуу гана сактап калат;
— эгерде, алдын ала көчүү талап кылынса, үйдөгү электр энергияны, газды, сууну бекитип, эшик-терезелерди, желдеткичтерди бекем жаап, чыгуу керек;
— сел жүрүшү мүмкүн болгон жыл мезгилинде ар кандай жүрүштөрдөн токтолуп туруу керек.

Сел жүргөн учурда эмне кылуу керек?

— оргуштап аккан суу агымынын дүңгүрөгөн добушун угар замат, дароо кеминде 50-100 метрлик бийиктикке чыгуу;
— катуу суу агымы оор таштарды кошо агызып келиши, адам өмүрүнө коркунучтуу экендигин унутпагыла!

Сел жүргөндөн кийин, сел агымынан жана тике жарлардан алыс болуу жана адамдар бири-биринен 20-30 метр аралыктан узабай жүрүүгө тийиш.
— жабыр тарткандарга жардам берип, жолдорду селден кийин тазалоого көмөк көрсөткүлө;
— селден жабыр тарткан болсоңор дароо медицина кызматкерине кайрылуу зарыл;
— эгерде, мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, өзүңөргө өзүңөр жардам берип, жаракат алган жерге муз (сууланган кездеме) коюп таңуу зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×