Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуКочкор району 06.03.2019 17:25

Элет көйгөйү: Кочкордун Көк-Жар айылында 34 бала тарбияланган бала бакчага 120 бөбөк кезекте турат

Turmush -  Кочкор районунун Көк-Жар айылында 500дөн ашык түтүн бар. Алардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири — бала бакча. Себеби союз тарагандан кийин бала бакчанын имараты жеке менчикке өтүп кеткен. Учурда иштеп жаткан «Мээрим-Нур» бала бакчасы маданият үйүнүн бир бөлүгүндө жайгашып, анда болгону 34 бала тарбияланат.

Бала бакчанын жетекчиси Касиет Күлөнтаеванын маалыматына караганда, бул бала бакчага учурда 120га чукул бөбөк кезекте турат.

«Бала бакчанын имаратына муктажбыз. Анткени учурдагы бала бакчада 4 жаштан 6 жашка чейинки 1 эле тайпа бар. Жалпысынан 34 бала тарбияланат. Ата-энелер бала төрөлгөндө эле кезекке туруп кетишет. Айрымдарына кезек жетпегендиктен, балдары дароо эле мектепке барышат. Бирок бала бакчага барбаган балдар баргандарга атаандашып, ыйлашат экен. Айла жок. 2009-жылы бала бакчаны 3 сааттык программа менен жамааттык кылып ачканбыз. 2012-жылдан тартып бюджетке киргизилди. Биздин көйгөйдү чечип беришсе жакшы болот эле», - дейт айылдагы бала бакчанын жетекчиси Касиет Күлөнтаева.

Аталган бала бакчанын оюн аянтчасы жок болгондуктан 145 миң сомго оюн аянтчасы курулган. Бул каражат айыл эли, айыл өкмөт тарабынан берилген. Ал эми бала бакчанын абалы начар болгондуктан, чет элдик уюмдун каржылоосу менен эмеректер алынып, жылуулук киргизилип, канализацияга туташтырылып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×