Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 09.03.2019 14:24 На русском

Шаршенбек ата менен Сатбүбү апанын суу жээгинен башталган махабаты же ашыктардын «убадалашкан» түнү

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургундары Шаршенбек Асанов менен Сатбүбү Асанова.

Алар 55 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатышат. Айылдагы кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдөн, жаш кездеринен тартып эле мал багып, 40 жыл чабан болушкан.

Шаршенбек Асанов: «7-класста окуп жатканда мектепке бригадир, башкармалар келип, "ким саанчы, ким чабан болот?" деп окуучулардан сурап, каттай башташты. Мени болсо мугалимим: "Шаршенбек чабан болот. Ата-энеси малчы, бул малдын түйшүгүн жакшы билет" деп жаздырып койду. Окууну бүткөндөн соң, мага 30 торпок бөлүп берди. Ата-энем менен жайлоого көчүп кеттик. Көрсө ал убакта чарбада элдин күчү жетишпей, мектепти бүткөн жаштарды айылга алып калуу саясатын жүргүзүшүптүр. Торпокту жөн эле бөлүп берип койчу эмес. Жазда таразага түшүрүп, жайлоого кетирип, күздө жайлоодон келгенден кийин таразага кайра түшүрүп, комсомол комитети көзөмөлгө алып турушчу. 1953-жылы жайлоодон келгенден кийин торпокторду дагы таразага тартты. Ар бир торпок 400 кг салмак кошушуптур. Комсомол комитети ишимди мактап, чоң жыйында сөз сүйлөттү. Ошентип 19 жашымда Кочкор районунан мен Москвага 15 күнгө эс алуу менен бирге, азыркыча айтканда айыл чарбасы боюнча тажрыйба алмашууга бардым. Ал жактан келгенден кийин деле малчы болуп иштеп жүрдүм. Сары-Булактан өтүп, жайлоого Соң-Көлгө жайлачубуз. Бир күнү Сары-Булактан тамактанып жатып, ошол жакта иштегендерге "үйлөнчү жигитмин, мага ылайыктуу кыздар барбы, тааныштыргыла" деп сурасам, байбичемдин эжесин көрсөтүп, "сиңдиси бар" дешти. "Бирок атасы оңой киши эмес, кызын берер бекен" деп мени ойго салып коюшту. Байбичем Сатышты көрсөтүштү, ал сууга барганда, мен да артынан бардым.

Колубузду сууга жууп, суу жээгинде тааныштык. Орусча жакшы сүйлөчү, мен орусча билбейт элем. Бир көргөндө жактырдым. "Үйлөнөм, кандай дейсиң" десем, ал "ата-энем уруксат берсе, мен макулмун" деди. Мен ошол түнү Сары-Булакта түнөдүм. Үйүн да билип алып, макул деген сөзүнөн кайтып кетпесин деп, терезесин тыкылдатып, жообун дагы сурадым. Эртеси кайын атамдын үйүнө бардым. Ал киши айттырбай эле түшүндү. Суракка алып баштады, мен суроолоруна жооп берип отурдум. "Кызымды бага ала турган түрүң бар. Ата-энеңди жибер, мен уруксат берем. Сен мага жактың" деп айтты. Ошентип мен кайын атамдын сынынан өтүп, байбичеме баш коштум», - деди.

Сатбүбү Асанова: «Биз баш кошкондо 19 жашта болчумун. Атам жолчу болуп, Сары-Булакта иштечү. Шаршенбек менен таанышканда сезимдер болгон. Ошол жакта жашаган жергиликтүүлөр анын кыйын чабан экенин, Москвага чейин барып келгенин айтышкан. Өзү шамдагай болчу. Биз баш кошкондон кийин ирик бактык. Абалы начар ириктерди тоого жайбай, үйдөн бакчумун.

9 бала төрөдүм. Ал убакта кош бойлуу аялга мамлекет жакшы кам көрчү. 4 баламды жайлоодон чатырда төрөдүм. Мал багуу түйшүк эле. Баланы чоңойтуп, малды да бактык. Союз тараганда пенсияга чыктык. Ал заман менен бул заманды салыштырып болбойт. Ал кезде элдин баары бирдей жашачу. Эми ким иштесе, ошол жакшы жашап жатпайбы, билимдүүлөрдүн заманы болду», - деди ал.

Шаршенбек Асанов Кыргыз Республикасынын ардактуу атуулу, ал эми байбичеси Сатбүбү Асанова баатыр эне. Алар 28 небере, 10 чөбөрөлүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×