Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 09.03.2019 10:27

Кочкордо баатыр энелер үчүн сый тамак уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Көк-Жар айылында баатыр энелер үчүн сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттүн соцкызматкери Назгүл Жумакадырова маалымдады.

Белгилүү болгондой, айылдагы 43 баатыр энеге айыл өкмөт тарабынан сый тамак жана белек-бечкектер берилди. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Сабыржанов энелерди майрамы менен куттуктап, аларга узун өмүр каалады. Алар үчүн айылдан чыккан өнөрпоздор ыр, бий тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×