Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 13.03.2019 10:15

Кочкордо балдар зомбулугун алдын алуу иш-чарасы уюштурулду

Turmush -  Кочкор районунда «Жашы жетпегендерге карата жасалган зордук-зомбулук фактыларын жана жашы жетпегендер арасында жасалган кылмыш жана укук бузууларды талдоо, алардын алдын алуу, алдыда турган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгуу» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Тегерек столду Кочкор районунун прокурору К.Нуруллаев уюштуруп, Нарын облусунун прокурорунун орун басары К.Токтогазиевдин, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Керимкуловдун, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы М.Мырсалиевдин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук социалдык өнүгүү башкармасынын, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, аймактык оорукананын, Кочкор айылындагы мектеп директорлорунун, ошондой эле райондун аймагындагы айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда өттү.

Тегерек столдо тийиштүү укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жашы жетпегендерге жасалып жаткан зордук-зомбулуктарды, алардын арасында кылмыш жана укук бузууларды болтурбоо боюнча аткарган иштери туурасында кеңири маалыматтарды беришти. Тегерек столдогу талкууда жашы жетпегендер арасында укук бузуулардын алдын алуу, коопсуздугун камсыз кылуу максатында, мектептердин баарына видеокөзөмөлдөрдү толук орнотуу, мектептерде тарбия, адеп сабактарынын сапатын жогорулатуу, укуктук сабактарды киргизүү, томолой жетим калган балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жактан жардам берүү, ички жана сырткы мигранттардын балдарына болгон көзөмөлдү жана камкордукту күчөтүү, соцадистерди, соцпедагогдорду окутуу, райондогу ички иштер бөлүмүндөгү жашы жетпегендер менен иштеген инспекторлордун санын көбөйтүү сыяктуу сунуш, ой-пикирлер айтылды.

Ошондой эле, тийиштүү мамлекеттик органдар жана айыл өкмөттөрү тарабынан жашы жетпегендерге карата жасалган зордук-зомбулуктун жана алардын арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча бирдиктүү иш-мерчемдерди түзүп, биргеликте иш алып баруу жагы белгиленди. Жашы жетпегендердин кылмыш, жорук жана бузууларды жасашына түрткү болгон жагдайларды аныктоо жана жоюу, бул багытта жашы жетпегендердин ата-энелеринин жоопкерчилигин жогорулатуу чечимдери кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×