Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуКочкор району 13.03.2019 16:07

Элет көйгөйү: Таза сууга зар болгон кочкорлуктар (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айылынын тургундары ичүүчү суу токтоп, кайра аккан учурда таза суу эмес, баткак суу чыгарын айтып нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, баткак суу көп убакытка чейин агат.

«Суу токтоп, кайра берилгенде суу оңой менен тазаланбайт. Сууну ачып коюп, көпкө күтүү керек. Кара баткак суу агат. Суу тазаланды дегенде деле, суу толтурган чаканын түбүнө кум уюп калат. Ал эми жаздын күнү кээде балыр же өсүмдүктөрдүн тамырлары да чыгат. Ал эми жайында суу норма менен келбейт», - дейт айыл тургундары.

Кочкор райондук «Таза-Суу» ишканасынын жетекчиси Казыбек уулу Алмаз: «Кочкор айылына суу Исакеев жана Кара-Суу айылындагы булактан келет. Исакеев айылында таза суу топтоочу жай жок. Булактан суу келип, трасса менен эле жашоочуларга берилет. Жашоочулардын нааразычылыгы жүйөөлүү деп эсептейм. Суу түтүктөрүнүн эскилиги жетти. Оңдоп-түзөө талап кылынат. Бул түтүктөр 54 жылдан бери иштеп келе жатат. 2020-жылдан тартып реабилитациялоо иштери жасалат. Ал эми суунун басымы жайкысын азайып кеткенин себеби, ичүүчү сууну сугат үчүн пайдаланган жашоочулар бар. Булар боюнча эскертүүлөр берилип, айып салынып келет», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×