Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуКочкор району 14.03.2019 13:56

Улуттук буюмдар. Сүрөт

Turmush -  Биздин ата-бабалар колдонгон буюмдардын баарын эле биле бербейбиз. Аймактык кабарчы Кочкор районундагы тарых аймак таануу музейиндеги көчмөн элдин буюмдарына кызыкты.

Бишкек — жыгачтан жасалган буюм. Кымызды бышканга (чалганга) арналган буюм.

20190313_160318
Чанач — териден ышталып жасалат. Кымызды ачытат. Ун же талкан сактоого да болот.
20190313_160208
Кумган — чоюндан жана жезден жасалат. Колго суу куйганга жана даарат алууга колдонушкан.
20190313_160104
Жан аяк — жыгач буюм. Ал чөйчөк сыяктуу, сүйрү же ичтүү болуп жасалат. Тамекинин жалбырагын насвай кылып ийлей турган идиш.
20190313_155926
Тогуз коргоол — кыргыздын улуттук оюну. Дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюнунун бир түрү. Кыргыздар баланын логикасын өстүрүүгө колдонгон.

20190313_155621

Көөкөр — териден ышталып жасалат. Кымыз куят. Кыздардын себине кошуп берилген көөкөр өзгөчө аземделип жасалат.

20190313_155438

Көнөк — териден ышталып жасалган идиш. Бээ сааганга, кымыз, айран куюуга ылайыкталган. Даамын бузбай жакшы сактаган.

20190313_155425

Жаргылчак — жалпак таштан жасалат. Данды майдалоо үчүн колдонулат.

20190313_155135

Желинче — бул уйдун желининен жасалган сейрек кездешүүчү буюм. Буга сары май, каймак салып сактоого болот.

20190312_105812

Туш кийиз. Үйгө көрк берүү үчүн кездемеге түрлөп сайма сайып чыгышкан.

20190312_105647

Соку жана сок билек. Бул дан жанчый турган буюм. Соку, сок билекти музейден же илгерки тасмалардан көрүүгө болот.

1

Аяк кап — кийизден жасалган ашкана буюму. Көчүп-конууда жыгач кеселерди салышкан.

20190313_160510

Аяк кап — экинчи түрү куржун катары да колдонулган.

20190313_160451

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×