Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 09.06.2019 19:30 На русском

Туз салынган чай менен күн өткөргөн үй-бүлө, кара курсак үчүн ууру кылган окуучу: Погончон айымдын окуялары

Turmush -  Милициянын майору Назгүл Садырова 3 жылдан бери Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кадрлар жана кесиптик даярдоонун ага тескөөчүсү болуп эмгектенип келе жатат. Ал бул убакка чейин Жумгал районунда жана Нарын ОИИБде эмгектенген. Погончон айым менен аймактык кабарчы таанышты.

47 жаштагы Назгүл Садырова 2005-жылдан бери ишки иштер органдарында эмгектенип келе жатат. Анын жумушундагы ийгиликтери жолдошунун, апасынын жана чоң энесинин колдоосу менен болгонун айтты. Өзүнүн айтымында, окуучу кезинде эле ички иштер органында форма кийип иштөөнү кыялданчу. Чоң атасы жана аталаш агалары милиция тармагында иштеген.

Кыялдар

- Апам медицина кызматкери болчу. Мен да медицина кызматкери болом деп айтчумун. Кийин биз эс тартып калганда мектепке жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынан Айнура эже келип калчу. Анын тыкыйган формасын көрүп, милиция тармагы кызыктырды. Алгач билимди педагогика багытында алып, эмгек жолумду бала бакчадан баштагам. Милиция кызматкери болуу кыялым үстөмдүк кылып, кийин ИИМдин академиясынан билим алдым. 1997-жылы Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн канцелярия бөлүмүндө кеңсе башчысы болуп эмгектендим. 2005-жылы жылдыз тагынып, милиция кызматкери болуп иштеп келе жатам.

Ачкачылыктан уурулук кылган өспүрүм

- Биздин жумуш кызыктуу. Мен бул кызматка келгенге чейин элдин социалдык абалын билчү эмес экенмин. 1998-жылдары паспорттук режим менен айылдарды кыдырып, элдин жашоосун өз көзүм менен көрдүм. Айрым үйлөрдө кызыл чайга туз салып ичип жашагандарды көрдүм. Бир окуяны айтып берейин, анда жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясында эмгектенип жүргөм. Уурулук боюнча арыз түштү. Шектүүнүн үйүнө бардык. Окуучу бала экен. Ал ачкачылыктан жана жетишпеген жашоодон улам уурулукка барыптыр. Дагы бир териштирүү иштери болуп жаткан учурда райондон алыскы айылдардын бириндеги сарайга барууга туура келди. Ал күнү жамгыр жаап, жердин баары баткак болчу. Жолдон унаабыз бузулуп калды. Унааны түртүп, жетчү жерибизге кеч жеттик. Биздин жумуш күнү-түнү иштөөгө туура келет. Эч качан жумуш убактысы аяктады деп айта албайбыз.

Колдоо көрсөткөн жакындар

- Жумуш жоопкерчиликти, тазалыкты жана сактыкты талап кылат. Аялдардын милиция кызматында иштөөсү оңой эмес. Ошол эле учурда эркектер менен тең тайлашып иштөө да сыймыктуу. Милицияда иштеген айымдардын артында сөзсүз түрдө колдогон жакыны болушу керек. Ушул даражага жетүүмө жолдошум Жаныбек, апам Ширин жана чоң энем Осипа көмөкчү болду. Жолдошум ишимди колдоп, эч качан «кеч келдиң же башка иш менен алек бол» деп айткан жок. Алар бутума бут, колум кол болуп балдарымды багууга абдан чоң жардам беришти. Уулум да милиция кызматкери болууну кыялданат. 2016-жылы ишимдин арты менен Грузия мамлекетине «Полициядагы аялдар» аталыштагы конференцияга барып келдим. 19 мамлекет катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×