Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 27.03.2019 13:23 На русском

Кочкордо 6 күн мурун «Фольксваген Венто» менен сыртка чыккан тургун дайынсыз болууда

Turmush -  Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын 61 жаштагы тургуну 6 күндөн бери дайынсыз. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 61 жаштагы Султанбек Усупбеков 22-март күнү эртең мененки саат 09:00дө үйүнөн «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Кийген кийимдери: күрөң түстөгү кышкы баш кийим, кызгылт күрөң түстөгү күрмө, көк жинсы шым.

Султанбек Усупбековдун жакындары Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө бүгүн, 27-мартта кайрылган. Учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Султанбек Усупбековдун унаасы

Дайынсыз болгон кишинин унаасы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×