Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 03.04.2019 14:31

Айыл турмушу: 44 жаштагы М.Токтомушова гүл менен азем буюм жасап киреше табууда (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылынын 44 жаштагы тургуну Махабат Токтомушова гүлдөрдү жана азем буюмдарды жасап, аларды сатып киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Махабат Токтомушова учурда үй кожойкеси.

«Үйдөгү тиричиликтен сырткары бош убакытта гүл же азем буюмдарды жасоо менен алекмин. Колдонулбай калган буюмдарга экинчи өмүр берип, жаңыртып, башка буюмдарды жасаса болот. Желим бөтөлкөнү кесип, карапа, жаңы телефондун кутучасынан шкатулка жана башкаларды жасадым. Жакын арадан бери салфеткадан гүлдөрдү жасап баштадым. Бир көргөн буюмду кайталап жасап көрөм. Мисалы "Курманжан датка" тасмасындагы Курманжандын мойнундагы шуруну жасап көрдүм. Учурда колго жасалган буюмдар эми гана бааланып келе жатат. Колумдан чыккан кооздуктарды сатам. Айрымдарын белекке берем. Колго жасалган буюмдарды сата турган чакан дүкөн ачуу планыбызда бар», - деди Махабат Токтомушова.

Махабат Токтомушова орто баалуу таштардан шурунун түрүн жасайт.

«Шурулар айымдардын кийимине жана келбетине көрк кошпостон, айрымдары адамдагы терс энергияны айдап, жин-шайтандарды жолотпойт. Динде да бул кооздуктарды тагынууга уруксат берилген», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×