Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 05.04.2019 10:13 На русском

Айыл турмушу: Кочкордун 22 жаштагы тургуну Сайкал гүл жасап киреше табууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылынын 22 жаштагы тургуну Сайкал Асылбек кызы кол өнөрчүлүктүн өзгөчө түрү менен алек болууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Сайкал түстүү атлас тасмалардан кооз гүлдөрдү жана пенопласттан мамалактарды жасоодо. Ал бул өнөрдү интернеттен көрүп өздөштүрүп алган.

«Азыр интернеттен баарын тапса болот. Мен интернеттен гүл жасоону көрүп, абдан кызыгып үйрөнүп алдым. Кыш айларынан бери гүл жана мамалактарды жасап жатам. Тааныштарым көрүп, жакшы баасын берип жатышат. Айрымдары "атайын кыска мөөнөттөгү окууларга барып үйрөнүп келдиңби?" деп сурашууда.

Бул иш абдан майда жумуш, менимче абдан кызыккан гана адам жасап кете алат деп ойлойм. Ар бир түстүү тасманы кесип, желимдеп жабыштырып чыгуу керек. 8-мартка карата гүлдөрдү жана мамалактарды белекке деп алып кетишти», - деди ал.

Сайкал Асылбек кызы жаш энелердин катарын толуктагандыктан гүл жасоону башкаларга үйрөтө албай келет.

«Гүл жасоонуу үйрөт дегендер арбын. Бирок менин дайыма эле колум бошобойт. Андыктан каалоочуларга үйрөтө албай келем. Гүлдөрдү түнкүсүн жасап жатам. Учурда гүл жасатууга буюртма бергендер бар. Азыр колго жасалган эмгектер бааланууда. Андыктан чакан киреше булагы катары бизнес баштоо планымда бар», - деди ал.

Гүлдөр жасалган материалдарга жараша бааланып сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×