Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 23.05.2019 15:17

Котур болуп мектептен чыккан окуучулар, электр жарыгын өчүрө албай лампага маасы кийгизген абышка: К.Асановдун баяны

Turmush -  Кочкор районунда ооруктун алты гана катышуучусу калды. Алардын бири — Кош-Дөбө айыл аймагынын тургуну, ардагер Күрүчбек Асанов. Ал согуш жылдарында он үч жашында колхоздун эчкисин баккан. Ардагер менен аймактык кабарчы таанышты.

Атасынын ордуна сүргүнгө айдалган өспүрүм

- Азыркы Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтү Кара-Күңгөй, Сары-Чат, Кош-Булуң, Май-Чыбыр, Электр, Кара-Саз деген майда колхоздордон турчу. Бул колхоздун баары биригип, Кош-Дөбө сельсоветине карайт. Сельсоветтин конторасы Иликтир колхозундагы Айгыр-Жалдын дөңүнөн орун алган.

Менин балалыгым Май-Чыбыр колхозунда өттү. Май-Чыбыр колхозунда 20-30 түтүн эл жашайт. Ал кезде азыркыдай ар бир айылда мектеп жок. Алты колхоздун ичинен Кара-Күңгөй жана Иликтир колхоздорунда гана мектеп бар эле. Кара-Күңгөй мектебинде Алайдар, Иликтир мектебинде Карбозова деген аял директор болуп иштешет. Биз коңшу турган Иликтир (Электр дегенге элдин тили келбей Иликтр деп аташкан) колхозундагы мектепке барып окуйбуз.

Алгач латын арибинде окуп жүрүп, 1940-жылдан баштап орус алфавитинде окуй баштадык. Ашым Матаев, Капания Кенжебаев, Абдыжапар Өмүров аттуу мугалимдер билим беришчү. Айылыбызда Искак Момункулов аттуу тың, билимдүү жигит бар болчу. Согуш башталарда аскердик училищада окуйм деп жөнөгөнү жатканда милицияга алып кетип, дайынсыз жоголду. Атасы Момункул Деркенбаев райондо милиция кызматкери болуп жүрчү. Ошол репрессияга кабыларда качып кеткен экен. А, уулун атасынын ордуна айдап кетишиптир.

100_6548

1941-жылы июнь айларынын аяк ченинде сельсоветтин секретары Акматалиев алты колхоздун элин чакыртып, жыйын курду. Жыйында Талканчиев деген милиция кызматкери чыгып: «Жолдоштор! Согуш чыкты. Фашисттер Сталинградга жакындаптыр» деген суук кабарды угузду. Элдин баары «эми эмне болот?» деп жүрөктөрү түшүп, селейип калышты. Согуш кабарын ошентип уктук.

Дүйшөнбек Сатылганов деген агай аскердик деген сабакты окутат. Жүрүш-турушту, мылтык атканды үйрөтүп тындырбайт. Жашы жеткендер четинен согушка жөнөп жатты. Иликтир мектебине Асан Абдиев директор болуп келди. Ал бизди (окуучуларды) кары-картаң кемпир, чалдардын үйүнө жиберет. Аларга кол кабыш кылып, согушка кеткен балдарына кат жазып беребиз. Ал кезде конверт жок болгондуктан, кат жазылган баракты үч бурч кылып бүктөп, сыртына дарегин жазып Шарипа Арыкбаева деген почточу аялга жеткиребиз. Жаңы директор күйөөгө эрте тийип кеткен кыз-келиндерди сабатсыздыкты жоюу деген тартип менен мектепке алып келип окутуп жатты.

Атама топурак сала албай арманда калдым

- Билимдүү деген, кол арага жараган эркектин баары согушка кетип, эл башкарууга киши калбады. Баягы репрессияга тартыларда качып кеткен Момункул Деркенбаев Май-Чыбырга башкарма болуп келди. Атам Асан Жумагулов мал догдур эле. Анын сөөмөйү менен ортоңку манжасы кыйшык болгондуктан, согуштан калып, жумушчу дивизияга Токмокко алып кетишкен. Ал жакта иштеп жүргөнүндө кайрадан аскерге чакырылып, Жамбул шаарына текшерүүгө алып барып, «аскерге жарабайт» деп кайра айылга жөнөтүшөт. Жанында бир баштык талканы бар экен. Жамбулда станциядан Молдаалы Жанузаков деген айылдашы «талканыңды мага ташта, сен калып жатпайсыңбы» десе, «жолдо жейм» деп бербей коюптур. Военком берген документти талкан менен кошо салып алып, Жамбылдан бери жөө жүрүп отуруп, Пишпекке жетет. Пишпектеги жатаканада баштыкты жазданып уктап калат. Эртең менен турса баштыгы жок. Аскер комиссариатына барса «кагазың жок, сага ишенбейбиз, качып келдиң» деп күнөөлөйт. Айласы кетип кайра Токмокко барса, кагаз бербейт. Ал жактан Киртруд деген колхоздун башкармасы Маасымкан деген жолугуп калып, «биздин колхоздо иште, кийин документ жасатып берем» деп алып калат. Атам ошол жакта иштеп жүрүп, ооруга чалдыгып, 1945-жылы март айында Эсенгул Азимов деген мугалимдин үйүндө кайтыш болду. Согуштун бүткөнүн көрбөй же айылына, үй-бүлөсүнө келе албай армандуу өлдү. Жокчулуктан, анын үстүнө жумуштан кол бошобой топурак сала албай, мен да арманда калдым…

Котур болуп, мектептен чыгып калдык

- 1942-жылы мектепте окуган бир топ бала котур болдук, «балдарга жугузасыңар» деп бизди окуудан чыгарып салышты. Бир күнү колхоздун башкармасы Момункул Деркенбаев чоң атам Жумагулга келип, «аксакал, уулуңуз бош жүрбөй, чабан болсун» деди. Чоң атам макул болуп, колхоздун 450 эчкисин өткөрүп алдым. Жашым араң он үчтө. Беш бир тууганмын. Эки эркек, үч кызбыз. Алар чоң атамдыкында калып, колхоздо отоо отоп жана башка иштерге жардам беришчү. Апам Зуура Белекова кичинесинде сарык болуп, айыкпай калгандыктан боору ооруп, алыска баса алчу эмес. Ошол апамды жардамчы кылып эчки бактым. Эчки кышында тууйт.

Айылда ачарчылык болгондуктан, колхоздон 10 үй-бүлөнү сарайдын тегерегине көчүрүп барышты. Аларга бештен эчки бердим. Эчки саап, сүтүн кымыран кылып ичип жан сакташты. Айылдагы калган үй-бүлөлөрдү уйчу Акай Кененбаев уй сарайда тарткан сүт менен багып жатты.

Апам менен чоң атама эчкини кайтартып коюп, күндүз колхоздун айдоо аянттарына барып суу сугарам. Суу сугарышты билбей, Зуура Өскөнбаева, Эрмек, Разия деген апалардан үйрөндүм. Кампада эгин жок болсо да «бардыгы фронт үчүн, бардыгы согуш үчүн» деп жөнөтүлөт. Күздүн күнү аңызда оттогон уйдун богунун арасынан арпа терип жеген күндөр болду. Кырманда мал тебелеген саман, топонду ары-бери сапырабыз. Андан кара сойлок, арпа чыгып калса таш менен жанчып, сууга кымыран кылып ичебиз. Жаз айынан баштап колхоздун уйларынын тарткан сүтүнөн жасалган көк айранды ар бир түтүнгө бир литрден таратып берет. Ошондо курсак тоюп калгансыйт. Эң эле жакшы болгондо күздүн күнү аңыздан түшүп калган дандын баштарын терип жеп, «ак төөнүн карды жарылды» деп жыргап калабыз...

100_6548-1

Электр жарыгын өчүрө албай лампаны маасы менен байлаган абышка

- Кыздар түнкүсүн кара чырактын жанында койдун жүнүнөн беш салаа мээлей түйүп, жайдын күнү энелерибиз кой саап, быштак жасап, колхоз уй саадырып, май тартып, согушта жүргөндөр үчүн жөнөтөбүз. Эчки да багып, колхоз жумушуна жардам берип, азап тартып чоңойдум. Согуш аяктагандан кийин 1946-жылы жумушчу дивизиядан Сыдыкбек Чалов келип, эчкини өткөрүп алды. Колхоздун сугат, чөп чабык, орок ормой сыяктуу бардык жумушуна чыгып жүрдүм.

1947-жылы Май-Чыбыр колхозунун бригадири Дүйшөналы Алыбаев чакырып, борбордон чек ара бөлүккө келген бир орус улутундагы эркек менен кызга жардамчы кылып кошуп жиберди. Алар үч буттуу дүрбү менен шыкаалап, тоо-ташты кыдырып, Кочкор районунун айылдарынын чек арасын бөлүп, белги коюшту. Аларга жардам берип, тоолорго белги койдум. Кийин колхозго алгачкы келген СК-4 комбайны менен эгин чаап, биринчи комбайнчы болгом.

1950-жылы Кара-Күңгөй, Сары-Чат, Кош-Булуң, Май-Чыбыр, Электр, Кара-Саз деген майда колхоздор биригип, бир колхозго айланды. Союз учурунда Лениндин «Коммунизм — бүт өлкөнү электрлештирүү» деген урааны бар эле. 1955-жылы Кочкордо алгачкы кичи ГЭС курулуп, кубаттуулугу 400 кВт болгон ток бөлүнүп чыга баштады. Ошол кезде колхоз-совхоздор кубаттуулугу аз дизелдик электр станциялар жана колхоз аралык кичи ГЭСтер аркылуу жарык алышчу. Ошондо алгачкы электр-монтер болуп айылдарга жарык тарттым. Дизелдик электр жарыгы бир жерден берилип, түн киргенде өчүрүлүп турчу. Айылда той болсо Күрүчбек кошо чакырылып, куда тоскондо алар менен төрдө сый көрүп отурган. Себеби, электр жарыгы белгиленген убакта өчүрүлүп, күйгүзүлөт. Мейман тоскондор «түнкүсүн өчүртбөңүз» деп суранып, башкармага же электрикке келет. Ошол учурда электр жарыгын түшүнбөгөндөр түнкүсүн өчүрөбүз деп лампаны үйлөгөн учурлар болгон. Жайлоодон келген бир аксакал үйлөп өчүрөм деп убара болуп, акыры өчүрө албай койгондо бутундагы маасысын чечип, сыртынан байлап салыптыр. Териден жасалган маасы күйүп, жыттанып араң өчүрүшкөн экен.

1966-жылы Кочкордоу РЭСке Рахымберген Абдыкасымов жетекчи болуп келгенде аба чубалгылары курулуп, сарайларга чейин жарыктар орнотулган. Ошондо электр чубалгыларын тартып иштедим. Кийин электр боюнча билимдүү адистер келе баштаганда 1970-жылдан баштап 1991-жылга чейин колхоздо чабан болуп эмгектендим. 1991-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Уулдарым ар кандай кызматта иштешет. Аскер комиссариаты тарабынан «За доблестный труд», «Лениндин 100 жылдыгы» жана башка төш белгилер, медалдар менен сыйлангам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×