Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 24.05.2019 12:27

Батыш апа «Баатыр эне» наамына жетип, бирок сыйлыгын албай көз жумду

Turmush -  Кочкор районунда баатыр энелерге ордендер тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» төш белгиси тапшырылып, акимдин белектери берилди.

Быйыл 13-майда президент Кыргызстанда 1135 энени «Баатыр эне» ордени, 470 энени «Эне даңкы» төш белгиси менен сыйлоо жарлыгына кол койгон. Анын ичинен Кочкордо 9 эне «Баатыр эне», 15 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланды.

Баатыр энелердин эң улуусу — Кочкор айылынын 90 жаштагы тургуну Батыш Момунгазиева сыйлыгын колуна албай калды. Ал бир жума мурда кайтыш болгон. «Баатыр эне» ордени анын үй-бүлөсүнө тапшырылды.

Андан кийин «Баатыр эне» орденин төшүнө тагынгандардын улуусу Шамшы айылынын 82 жаштагы тургуну Насыркул Сооронбаева болуп калды. Ал эми эң жашы — Семиз бел айылынын 38 жаштагы тургуну Астра Байгожоева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×