Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 28.05.2019 09:35 На русском

Кочкордо адамдан качкан түлкү үндүктүн башын жулуп кетти

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылында түлкү көбөйгөнүн аймактык кабарчыга айыл тургуну Төштүк Абдрасулов билдирди.

Анын айтымында, мындан беш күн мурда кечки саат 16:00-17:00 чамасында короосуна түлкү секирип кирип жатканын кошунанын кыздары көрүп калган.

«Алар "Төштүк байке, корооңузда түлкү жүрөт" деп кыйкырганда чуркап чыгып, каналдан секирип келе жаткан түлкүнү көрдүм. Аны таш менен урайын десем, балам алдымдан чыгып, ура албай калдым. Түлкү качып баратып, башка кошунанын короосунда жаткан торпоктун үстүнө секирип чыгып, тиштегенге аракет кылды. Торпок тура калып тепкенде андан ары жүгүрүп, айылдан чыгып кетти. Кичине эле түлкү экен, бачики (баласы) болсо керек. Короого кирсем үндүктүн башын жулуп кетиптир. Кутурган түлкү болбосун деп үндүктүн өлүгүн чуңкурга көмүп келдим», - дейт Төштүк Абдрасулов.

Ушул сыяктуу окуя айылдын тургуну Бүбүкан Абдырахманованын үйүндө да болгон. Ал эшикке чыкканда үйү ачык калып, түлкү оозгу үйдөгү оттон чыккан күлдү чачкан. Кайтып келген үй ээсин көрүп качып кеткен.

Ошондой эле Тынчтык Өскөнбаевдин эшигинин алдына чейин барган. Айылдын дагы бир тургуну Басызбек Жалилов таңга жуук айыл четинде түлкү көп болорун айтты. Айыл ичине коркпой киргенине караганда бул түлкү кутурган болушу мүмкүн дешет айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×