Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 28.05.2019 10:47 На русском

Өлкөдөгү сынактарды багындырган үн же айылдык кыздын таланты

Turmush -  Кочкор районунун 15 жаштагы тургуну Бегайым Мырзабекова 3 тилде ырдап, республикалык кароо-сынактарда баш байгени алып келет. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Бегайым Мырзабекова ырдоо боюнча кароо-сынактарга катышып, азыртадан өзүн өстүрүү менен алек. Учурда Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классын бүтүрүүдө.

«Биздин үй-бүлөдө атам, чоң атам жана чоң апам жакшы ырдайт. Мага ырдоо ушул адамдардан өткөн. Кичинекей кезде күзгүнүн алдында туруп алып ырдай берчүмүн. Ата-энем менин талантымды байкап, искусство мектебине алып барышкан. Ырдап, бийлеп эле калбай фортепиано черткенди да үйрөнгөм. Вокалды 3 жума эле Бишкек шаарынан окугам. Мелизманы (үндү ар кандай мелодиялар менен жасалгалоо) жана аранжировка жасоону үйдөн эле үйрөнүп алгам. Орус, англис тилдеринде да ырдап жатам.

11 жашымда «American song contest» сынагына катышып, 2-орунду алгам. Ал эми «KC тай» жаш өспүрүмдөр арасындагы сынакта 1-орунду алдым. Ар бир сынак 3 турга чейин болот. Мындан сырткары «Жаш таланттар» сынагына катышып, бирок эч кандай орун албай келчүмүн. Быйылкы 2019-жылдагы «Жаш таланттар» сынагына катышпай эле койсомбу деп ойлогом. Себеп дегенде ага бир нече күн даярдануу керек. Анан да калыстык болбой жатат. Бул даярдыкка кетирген убактымды башкага жумшайын деген чечимге келгем. Бирок мени сынакка даярдаган эжем быйылкы жылы да барып көрүүмдү өтүндү. Ошентип быйылкы жылы 1-орунду алып келдим. "Жоокер ыры" республикалык сынакта да 1-орунду алдым. Бул жыл мага ийгиликтүү болуп жатат», - дейт Бегайым Мырзабекова.

Жаш талант ырдоодон сырткары сүрөттү мыкты тартат. Ал Америкадан билим алууну көздөөдө.

«Сүрөт тартуу — менин хоббим. Көп жылдан бери сүрөт тартып жатып, хоббимди таштап койгум келбейт. Чыгармачылык менен кошо хоббимди өнүктүрө алам. Билесизби, Кыргызстанда мугалим, дарыгер, экономист, юрист, эсепчи жана башкалар абдан көп. Мен анимациялык сүрөттөрдү көп тарткандыктан аниматор же режиссёрлук кесипти тандайм десем, көбүнчө тааныштарым «ал эмне, андан башка кесип жокпу?» деп күлүшөт. Эң эле жөнөкөйү бизде кыргыздар тарткан мультфильмдер жокко эсе, болсо да аз. Көбүнчө бөбөктөр чет мамлекеттер тарткан мультфильмдерди көрүшөт. Мен аниматор же режиссёрлук боюнча Америкадан билим алып, сөзсүз түрдө алган билим, тажрыйбамды Кыргызстан үчүн колдоном», - деди ал.

Бегайым быйылкы жайкы эс алууда кыргыз тилиндеги китептерди окууга басым жасайм деп пландап жаткан учуру. Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Сиңдиси жана иниси да жакшы ырдашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×