Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 29.05.2019 14:07

Айыл турмушу: Форель өстүргөн Б.Бейшенбеков эмне үчүн балыктардын көзү тостоюп каларын айтып берди

Turmush -  Кочкор районунун 58 жаштагы тургуну Болотбек Бейшенбеков 2 жылдан бери балык өстүрүү менен алек. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Болотбек Бейшенбековдун кесиби инженер-куруучу. Ал бул кесиби менен эмгектенип, жетекчилик кызматтарга чейин жеткен. Ишкер учурда 5 сотых аянтта 5 миң баш кубулжуган форель (жилингир) өстүрүүдө.

«Кесибим менен көп иштедим. Ден соолукка байланыштуу ал ишти өткөрүп берүүгө туура келди. 2 жылдан бери балык өстүрүү менен алектенем.

Кочкор райондук токой чарбасына тиешелүү жерди ижарага алгам. Бул жердин баарын тазалап, таштарын терип, балык багууга ылайыкташтыргам. Балык өстүрүүчү заводдон 4 см болгон майда балыктарды сууга коё бергем. Учурда менде 5 миң балык бар. Балыктын санын 100 миңге жеткирүү планым бар. Бул көлмөдөгү балыктардын салмагы 700 грамм. Ал эми 1 жылда балыктын салмагы 1 килограммдан ашат.

Бизде азыр чыгаша гана болуп жатат. Себеби, 5 миң балыкка бир күндө 3 маал жем чачылат. Ал эми жемди чет өлкөдөн алып келүүгө туура келүүдө. Балыкка жемди Польша, Финляндиядан алып келем. Бизде Кыргызстанда балыктын жеми жасалат. Бирок сапаты начар. Айрым балыкчылар нандын күкүмүн беришет. Сапаты начар жем жана күкүм балыкты оорутат. Балык ооруганда өңү карарып, көзү тостоет. Аларды өзүнчө сууга кармап, багууга туура келет. Эки айда бир жолу балыктарга кара туз берип, марганцовка менен дезинфекциялап турса ар кандай оору-сыркоо жолобойт. Кышкысын балык жемди көп талап кылбайт жана чоңойбойт. Булактын суусу тоңбогондуктан ушул жерде эле болушат», - деди ал.

Элеттеги ишкер Болотбек Бейшенбеков балык багуу менен гана чектелип калбай, таштардан ар кандай жаныбарлардын айкелин жана гүл өстүрүүчү челектерди даярдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×